Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:20

Президент балдар күнү менен куттуктады


Бала.
Бала.

Президент Алмазбек Атамбаев балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата келечек ээлерин куттуктады. Анда өлкөдөгү балдарды коргоо, аларды татыктуу тарбиялап, кайгы-кападан алыс, тынч жашоосун камсыз кылуу үчүн көп аракеттер көрүлүп жатканы айтылат.

“Балдарга татыктуу тарбия-билим берүү сыяктуу эле алардын ден-соолугуна камкордук көрүүнүн да мааниси зор. Чың денелүү, акыл-эстүү жана адептүү баланы тарбиялоо үчүн оору-сыркоолордон, зордук-зомбулуктан эле эмес, азыркы шартта аны психологиялык жана маалыматтык тескери таасирлерден, зыяндуу адаттардан да сактоо керек”-деп айтылат куттуктоодо.

Бүгүн балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленүүдө. Улуттук статискалык комитеттин маалыматы боюнча, 2016-жылдын 1-январына карата 18 жашка чейинки республикада 2 миллион 212 миңден ашык бала жашайт. (BkA)

XS
SM
MD
LG