Армяндар геноциди жөнүндөгү маселе боюнча добуш берүүдөн кийин Жашылдар партиясынын лидери Өздемирди өлтүрүү жөнүндө эскертүүлөр түшкөн. Өздемирдин маалымат катчысы Ди Велтке 5-июнда берген маалыматында “бизге эч качан мынчалык өлтүрүү тууралуу коркутуулар түшкөн эмес эле” деген. Германия парламенти 2-июнда 1915-жылы Осмон империясы учурунда армяндардын кырылышын геноцид деп таануу жөнүндө Жашылдар партиясынын демилгеси менен чечим кабыл алган. Анда 1,5 млн армян кырылган деп белгиленген.
Түркиянын азыркы өкмөтү ал кездеги баш аламандыкта өлгөн армяндардын саны алда канча аз экенин, Осмон бийлиги атайын кыргын салбаганын билдирүүдө. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган “армян маселеси Түркияга шантаж кылуу үчүн оңтойлуу курал катары пайдаланылып жатат. Биз геноцид жөнүндө айыптоону эч качан кабыл албайбыз” деди 4-июнда. Экинчи Дүйнөлүк согуштагы кылмышы менен Германия армяндардын өлтүрүлүшүнө баа бере албайт деп кошумчалады Эрдоган. Германия армяндардын массалык өлүмүн геноцид катары тааныган 23-мамлекет болуп калды. (AiT)