Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Актөбөдөгү чабуулдан кийин Казакстанда антитеррордук операция уланууда


Өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан шаардын тургундарын бийлик үйлөрүндө кала берүүгө үндөдү. Антитеррордук операцияны президент Нурсултан Назарбаев жеке көзөмөлүнө алганы кабарланды. 5-июнда Актөбө шаарында курал сатуучу эки дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын аскердик бөлүгүнө белгисиз кишилер координацияланган чабуул жасаган.

Казакстандын Ички иштер министрлиги кол салууда 18 киши өлгөнүн, алардын ичинен 12си кол салгандар экенин 6-июнда маалымдады. Алар диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрү деп шектелген. Бирок аны далилдеген бир дагы факты жок.

Актөбө облусунун губернатору Бердибек Сапарбаев тургундарды тынч болууга үндөп, “антитеррордук операция жүрүп жатканын”, кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди. Актөбө шаарында 300 миң киши жашайт. (AiT)

XS
SM
MD
LG