Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:32

Ипотекадан иши илгерилегендер аз


Оштогу аскер кызматкерлерине мамлекет куруп берген үй.
Оштогу аскер кызматкерлерине мамлекет куруп берген үй.

“Азаттык” бүгүнкү “Арай көз чарай” талкуусунда мамлекеттик маселесине сереп салды.

Өкмөт ушул жылдын башында ипотекалык турак жай берүү боюнча мамлекеттик компания түзүп, ишке киргизген. Компания иштей баштаганда жеңилдетилген кредиттер эң ириде социалдык тармактын турак жайга муктаж жана аз маяна алган кызматкерлерине берилет деген милдет алдыга коюлган.

Өлкө боюнча тизмеге киргендердин алгачкылары үйүн тандап алышканы менен, айрымдары кредиттин алгачкы үлүшүн төлөй албагандыктан кайра баш тартып жатышат деген маселе парламентте көтөрүлдү.

Мамлекеттик ипотекалык кредит менен турак жай берүү эмне үчүн аксап жатат? Аны ишке ашыруу механизмдери дыкат аныкталбай калганбы же ипотека үстөгү жеке банктардыкындай элеби?

Талкууга мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев жана, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев катышты.

“Азаттык”: Бактыбек мырза, ушул күнгө карата мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу Кыргызстан боюнча канча үй-бүлө канча турак жай алды жана алардын кредитинин көлөмү канча болду? Алар кандай критерийлер менен тандалды?

Бактыбек Шамкеев: Ушул мезгилге чейин өлкө боюнча 34 адамга кредит берилди. Суммасы 34 миллион 500 миң сомду түздү. Биринчи тизмеге 185 адам кирген, ал тизме жергиликтүү администрациялар аркылуу январь-февраль айларында түзүлгөн.

Ал кезде Убактылуу жобо бекитиле элек болчу, ошондо багытты туура эмес түшүнүү болуп, көп адамдар үстөк пайызсыз кредит же квартира ижарага берилип, аягында биротоло сатып алабыз деп түшүнүп, тизмеге киришкен. Кийин шарттарды толук түшүнгөндөн кийин 71 адам тизмеден чыгууга мажбур болду. Анткени, жобо боюнча квартиранын жалпы баасынын алгачкы үлүш катары 10 пайыздан 30 пайызга чейинки каражатын төлөө керек. Ошого жараша кредит жылдык үстөк менен берилет. Кайра баш тарткандар төлөй албайт экенбиз дешти, андан тышкары 30дан ашык адам күзүндө мал саткандан кийин төлөйбүз дешти. Ошону менен баш тарткандардын жалпы саны 101 адам болду. Азыр 20дан ашык адамдын документтери банктарга берилген.

“Азаттык”: Мирлан мырза, сиз жана “Республика-Ата Журт” фракциясынын башка депутаттары мамлекеттик ипотекалык компания алдыга коюлган максатына жете албайт деген пикирди билдирип жатасыздар. Себеби эмне?

Мирлан Жээнчороев: Буга жүйөлүү себептер бар, башында эле өкмөт программаны алып келгенде анын туура эмес саясат экенин айтып каршы болгонбуз. Анткени, ушул компания ишке киргенден бери алты айга жакын мезгил өттү. Ушул мезгил ичинде компанияда 23 адам иштеп жатат, алардын маянасына, эмеректерине, машина жана бензинине кеткен каражаттын көлөмү 25 миллион сомдон ашты. Берген кредиттин көлөмү 30 миллион сомдон гана ашты, бирок иштеги ылдамдык жана натыйжа максатына жетпей жатат.

Эмне үчүн эл кредиттен кайра баш тартып жатат? Себеби, башында эле премьер-министр Темир Сариев ипотекалык кредиттерди эң кеминде үч-төрт түр менен беребиз деп айткан. Эгерде биринчи 30% үлүшкө каражатыңар жетпесе, башка бир түр менен беребиз, эгерде үстөк процентти төлөй албасаңар ссудалык кассаларды ачып туруп беребиз, эгерде ижарага алып, кийин сатып алабыз десеңер ага да жол беребиз деп айткан. Ошол себептен Кыргызстандын бардык аймагынан тизмеге киргендер көп болгон, бирок азыр 12-14 пайыздык үстөгү менен бир гана классикалык түрдөгү кредит берилип жатат.

Анан башында өкмөт ушул компания Улуттук банк аркылуу өзү да кредиттерди бере алышы, ага уруксат берген лицензия алышы мүмкүн деп айтылган. Тилекке каршы, азыр башында эле биз айткандай эки мамлекеттик жана төрт-беш коммерциялык банктар аркылуу берилип жатат. Берилген кредиттердин 60% мамлекеттик банк аркылуу, калганы коммерциялык банктар аркылуу берилди. Шарттары абдан кыйын жана элге маалымат толук жетпей түшүнүксүз болгондуктан баш тартып жатышат.

Мына 25-майга чейин миллиондон ашык калк жашаган Бишкек шаары боюнча эки гана адам кредит алыптыр. Мен Бишкек шаардык кеңештин депутаты болгон учурда абдан дыкат иликтегем, шаарда миңдеген квартираларды айына 12 миң сомдон 20 миң сомго чейин ижарага алып тургандардын көпчүлүгү иш менен камсыз болуп, мамлекеттик кызматта иштегендер жана жаш үй-бүлөлөр. Алар ушул жеңилдетилген кредит менен квартира алабыз деп үмүт кылгандар, бирок алар максатына жете албай жатышат.

Бактыбек Шамкеев: Бул программа 2020-жылга чейин эсептелген, силер иш баштала электе эле дароо натыйжаны талап кылып жатасыздар. Белгиленген мезгилде аткарылчу иштердин баары жасалат.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG