Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:08

Сегиз студент Кытайга акысыз окууга өттү


Бул тууралуу "Феникс" билим берүү борборунун өкүлү Нурлан Эшпаев “Азаттыкка” билдирди. Анын кабарлашынча, Бишкекте өткөн сынакка 300дөй адам катышып, анын сегизи Кытайга гранттык негизде окууга өтүштү.

Кытайга акысыз окууга кабыл алуу эми 19-июнда Ош шаарында өтөт. Ага кабыл алуу 18-июнга чейин созулат. Ага Кытайда жогорку билим алууну каалаган 17 жаштан 25 жашка чейинки талапкерлердин арыздары кабыл алынат.

"Феникс" борбору менен иштешип жаткан "Патриот-KG" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов сынактан өткөндөр Кытайдын Шандунь политехникалык университети менен Цзыбо педагогикалык институтунда билим алышат. Алар акысыз окуп, жатакана менен камсыз болушат. Ошондой эле бир семестрде бир жолу 600 юань өлчөмүндө стипендия берилет. (ErN)

XS
SM
MD
LG