Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Момбеков: Мыйзам сөз эркиндигин чектейт


Момбеков: Мыйзам сөз эркиндигин чектейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

Массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамды өзгөртүү долбоорун Жогорку Кеңештин бүгүнкү күн тартибине киргизүү сунушталды. Мындай сунуш менен мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Жыргалбек Турускулов чыкты. Жыйынтыгында күн тартиби депутаттар айткан сунуш, кошумчаларды эске алуу менен кабыл алынды. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, маданият жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча комитети 13-июнда “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү жактырган. Мыйзам долбооруна ылайык, ММКны негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка юридикалык жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу. Жаш курагы 18ге чыга элек жарандар, ишмердүүлүгүнө сот аркылуу тыюу салынган уюмдар, чет элдиктер, башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктар ММК негиздөөгө укугу болбойт. Ошону менен катар чет жактан каржыланган ММКлардын бир жылдык каржылануусундагы сырттан келүүчү капиталдын көлөмү 20% ашпоосу керек деген норма киргизүү сунушталууда.

XS
SM
MD
LG