Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Актөбө окуясынын чоо-жайы бүдөмүк


Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов Актөбөдө.
Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов Актөбөдө.

Казакстандын Ички иштер министрлиги 5-июнда Актөбө шаарына кол салгандар Сириядан башкарылганын билдирди. Министрликтин маалыматы боюнча, Сириядагы лидер аларды кол салууга үйрөткөн жана шыктандырган.

Казакстандын ички иштер министри Калмухамбет Касымов Актөбөдө кол салуудан мурда 45 адам квартирага чогулуп кеңешкенин 14-июнда билдирди:

- Алардын саны 45 болгону аныкталды. Жихад жарыялап, квартирадан чыккандан кийин 19 киши баш тарткан. Алардын баары ким экенин аныктап, сурак жүргүзүп жатабыз. Жихадга макул болгон 29 киши жөнөгөн. Жолдо баратып дагы үчөө баш тарткан. Ошону менен видеокамералар көрсөткөндөй курал сатуучу дүкөнгө 25 адам кирген. Кылмышка катышуудан баш тарткан дагы бир адам ошол жерден кетип калган.

Касымовдун айтымында, 45 адам “имам аталган адамдын азыр ыйык жихадга аттануу тууралуу” сөзүн угуп, аны аткарууга киришкен. ​

Калмухамбет Касымов
Калмухамбет Касымов

Ал имамдын Сириядан аудио байланышка чыкканы айтылууда. Бирок казак бийлиги ал имамдын “Ислам мамлекети” деп аталган терордук уюм менен байланышы бар-жоктугун айта элек.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, кол салгандар кайда кол салууну жана ал жерлерге кантип барууну алдын ала тактап алышкан. Алардын максаты оор жана кубаттуу курал-жаракты тартып алып, мамлекеттик мекемелерди басып алууга киришүү болгон.

Казакстандык саясат таануучу Толгонай Умбеталиева Актөбөдө эмне болгону тууралуу так маалымат жок, бийлик өкүлдөрүнүн ал боюнча түрдүү маалыматтары да чаташтырууда дейт:

- Биздин бийликтегилер бир туруп мындай, анан туруп башкача маалымат берип жатат. Алар адегенде тергеп бүтүп, анан жыйынтыктоочу маалымат берсе болмок. Алар болсо күрөш жүрүп жатканда эле эле түрдүү варианттарды айта башташкан. Ошондуктан азыр маалыматтарга эч ким ишенбейт. Эч кандай далилдер жок.

Умбеталиеванын айтуусунда, азыркы кезде Казакстанда социалдык тармактарда Актөбө окуясын бийлик өзү уюштурду деген талкуулар тыйыла элек. Буга Казакстандын ички иштер министрлиги бир маалымат берсе, аны Улуттук коопсуздук кызматы төгүнгө чыгарып, башаламандык киргизүүсү себеп болду.

"Казакстанда динге өтө берилген адамдардын тобу бар экенин четке кагууга болбойт. Анткен менен Актөбөдө теракт болдубу же башка нерсе болдубу айтыш кыйын", - деп кошумчалады Умбеталиева.

Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов Актөбө шаарына шаршемби күнү келип облуста “баары көзөмөлдө” экенин билдирген.

Масимов 5-июнда атышууда каза тапкан жоокердин үй-бүлөсүнө көңүл айтып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн. Анда Улуттук коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгынын башчысы Нурлан Кадырбаев Актөбөдө кол салгандар ИМ тобунан буйрук алышы ыктымалдыгын билдирген. Ал эми Актөбө облусунун акими Бердибек Сапарбаев объекттерди коргоо жана кошумча видеокамераларды орнотуу үчүн каражат сураган. Аким ошондой эле демографиялык, социалдык-экономикалык жана тартип коргоо органдарын материалдык-техникалык камсыздоо маселелери да курч экенин белгилеген.

Актөбөдөгү кол салуу: күбөлөр эмне дейт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:33 0:00

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG