Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз кеткен жоокердин сөөгү алып келинди


Согуш кезиндеги Фрунзедеги аскер госпиталы.
Согуш кезиндеги Фрунзедеги аскер госпиталы.

Орусиянын Ржевск аймагындагы көрүстөндөн табылган Меңдиш Өмүралиевдин сөөгү бүгүн Талас облусундагы өзү туулуп-өскөн Кызыл-Сай айылында кайра жерге берилди. Жоокерге арналган митинг-реквием өтүп, айылдык маданият үйүндө "Биз келечектен келгенбиз 2" фильми көрсөтүлдү. Табыт менен кошо аталган тасманын продюсери, орусиялык киносценарист Людмила Кукоба баштаган топ да келип, зыйнатка катышты. Людмила Кукоба катарына кирген Орусиядагы неофашизмге каршы кыймыл Улуу Ата Мекендик согушта салгылашуу болгон талааларда археологиялык казууларды жүргүзүү менен алектенет.

Быйыл көрүстөндөрдүн биринен аскер кийимчен адамдын сөөгү табылган. Чөнтөгүнөн анын аты-жөнү жазылган документ, колунда жарылбай калган граната табылган. Сөөк Бакай-Ата районундагы Кызыл-Сай айылынын тургуну Меңдиш Өмүралиевдики экени аныкталган. Анын жасаты 22-июнда Кыргызстанга алып келинди.

Расмий маалымат боюнча, 1941 - 45-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. Алардын 160 миңге чукулу кайткан эмес. 56 миңден ашык кыргызстандык жоокер дайынсыз жоголгон.

Соңку беш жыл ичинде Орусиянын Коргоо министрлиги жана “Мемориал” коомунун жардамы менен 1225 кыргызстандыктын сөөгү кайда жашырылганы аныкталган. (NT/SS)

XS
SM
MD
LG