Депутатка нааразы адам өзүн өрттөөгө аракет кылды
Бүгүн, 24-июнда парламент депутаты Абдыкапар Султановго нааразы болгон Бакыт Мендешов аттуу жаран өзүнө өрт коюуга аракет кылды. Бирок анын бул аракетин милиция кызматкерлери токтотуп калды. Окуяда жарандын жакындары менен милиция кызматкерлери да чырдаша кетишти. Нааразы болгон Бакыт Мендешовдун айтымында, анын аялы депутат Султановдун жакынына таандык фирмада эмгектенген. Фирмадагы каржылык мыйзам бузуулар боюнча Мендешовдун аялына кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Нааразы тараптын пикиринде, депутат тергөөгө басым жасап жатат. Ак үй алдына чыккан жаранды милиция кармап кетти. Ал эми депутат бул боюнча комментарий бере элек.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 27, 2026Прокурор Коңкубаева: Аскат Жетиген расмий кайрылсын
-
Октябрь 26, 2026Бишкек: Экс-депутаттын аты аталган үй талаш
-
Октябрь 26, 2026Аскат акын: "Токтогул көргөндү мен да көрдүм"
-
Октябрь 23, 2026Баткенден жөө чыккан Жолдубаева Жапаровго жолугат
-
Октябрь 23, 2026Ак илбирс, Тянь-Шань аюусу, аркарды кантип сактайбыз?
-
Октябрь 22, 2026"Азаттыкта" талкуу: "Мен Жейн Доу. Зомбулук көргөнүмдү айтам"