Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:53

Британиянын чечимине кыргыз коому кандай ойдо?


Лондон, 24-июнь
Лондон, 24-июнь

«Азаттык» Улуу Британия жарандарынын чечими боюнча социалдык тармактын колдонуучулары менен эксперттердин пикирин топтоду.

Кыргыз парламентинин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Улуу Британиядагы референдумдун жыйынтыгын түшүнүү менен кабыл алганын Фейсбук социалдык тармагындагы пикиринен деле билүүгө болот.

- Улуу Британия чыныгы демократиялык мамлекет!

- Улуу Британиянын лидерлери чыныгы демократтар!

Британиянын лидери Дэвид Кэмерон, Американын президенти Барак Обама, Германиянын канцлери Меркел, Европа Биримдигинин дээрлик бардык лидерлеринин суранычына, үгүтүнө карабай, англичандардын көпчүлүгү Евробиримдиктен чыгуу чечимин колдошту.

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Эл чечти! Улуу Британиянын эсептөө комиссиялары Кэмеронго кызмат кылган жок. Добуштарды эч ким уурдаган жок. Фальсификациялаган жок.

Элдин добушун так, адилеттүү, бийликтерине каршы болсо дагы санап чыгарып, жарыя кылышты! Таза добуш берүү, таза эсептөө!

Кэмерон башында турган өкмөтү, алар сунуш кылган жолду, британиялыктар кабыл албаган сон, Евробиримдикке каршы болгон, жаңы лидерлер келиши керек деп отставкага кетишти.

Чыныгы лидерлик!

Бийлигине каршы чыга алган элдин келечеги кең!

Борбор Азиядагы Америка университетинин "Эл аралык жана салыштырма саясат" департаментинин жетекчиси Медет Тулегеновдун ырасташынча, жагдайдын мындан аркы өнүгүшү бир топ кыйынчылыктарга кептелет, референдумдун жыйынтыгы башкача чыкса мындай абал түзүлмөк эмес:

- Натыйжасы мына азыр эле көрүнбөдүбү, каржы базарындагы абалды караңыз. Бул жагдай дагы кыйлага созуларын көбү мурда эле билишкен. Себеп дегенде, референдум жыйынтыгынан кийин Улуу Британиядан капиталдын кыйласы сыртка чыгып, соода мамиле-катышы бузулат. Албетте, айрымдар айткандай, бул биримдик менен мамиле-катнаштын толук үзүлүшүнө алып келбейт.

Евробиримдик менен келишим мындан ары да көп талкууланат, бул кыйла убакытты алары турулуу иш. Бирок мунун баары азырынча бүдөмүк бойдон калууда.

Экономикалык жагынан жагымсыз натыйжалар артынан бир катар саясий залакаларын ээрчите келет.

Бул жагдайдын дагы бир жагы бар, референдум өлкөнү экиге бөлүп койду.

Иш бул жерде ар кыл региондордун өкүлдөрү негизинен бирдей добуш бергенинде деле эмес. Шотландия, Түндүк Ирландия, анан да Гибралтар Евробиримдикте кала берерин билдиришти. Ошол эле кезде башка аймактагылар биримдикте калууну каалашкан жок.

Бул процесс деле биз мурда сырттан байкоо салып турган дагы бир элдик пикирге - Шотландиянын Бириккен Королдуктун катарынан чыгуу тууралуу референдумуна барып такалат.

Марс Сариев
Марс Сариев

Саясат таануучу Марс Сариев:

- Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгышы шериктештиктин ич ара ыдырашына жол чабат. Себеп дегенде Лондон бирикмедеги негизги оюнчулардын бири болчу. Эми домино принциби ишке киришип, шериктештиктеги башка өлкөлөр да бөлүнүп чыгышы ыктымал. Мисалы, Франция, Германия, Италия Европага байланбаган өзүнүн улуттук саясатын жүргүзгөнгө кызыгат. Эми Европаны кыйын учурлар күтөт.

Түз линк

Социалдык тармактагылар да англичандардын чечимине карата пикирлерин бөлүштү.

XS
SM
MD
LG