Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Эрдоган орусиялык учкучтун жакындарынан кечирим сурады


4-декабрь, 2015-жыл
4-декабрь, 2015-жыл

27-июнда Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусия президенти Владимир Путинге кат жөнөтүп, анда түрк аба күчтөрү атып түшүргөн учкучтун үй-бүлөсүнө көңүл айткан.

Аnadolu түрк маалымат агенттиги Эрдогандын маалымат катчысы Ибрагим Калынга таянып билдиришинче, катта "учкучтун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, дагы бир жолу аза кайгысын тең бөлүшөм. Алар бизди кечиришсин” деп жазылган.

Ошондой эле президент “салттуу достук байланышты калыбына келтирүүгө" чакырган. Түркия менен Орусия эки тараптуу мамилени токтоосуз жакшыртуу боюнча макулдашканын Ибрагим Калын да ырастады.

Мунун алдында орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Түркия Орусиядан кечирим сураганы тууралуу маалымат тараткан болчу.

Түркия орустардын Су-24 аскер учагын "өлкөнүн аба мейкиндигин бузду, эскертүүнү уккан жок" деп, өткөн жылдын ноябрында атып түшүргөн. Орусия буга нааразылык билдирип, эки өлкөнүн мамилеси кескин сууган. Орусия бир катар экономикалык санкцияларды киргизип, Түркиядан ташылган товарларды чектеген. Эки өлкөнүн маданий байланыштары да начарлаган.

XS
SM
MD
LG