Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:49

"Түрк аба жолдору" Кыргызстандан Түркияга рейстерин убактылуу токтотту


Стамбулдагы жардырууга байланыштуу "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясы Кыргызстандан пландалган рейстерди кабыл алууну убактылуу токтотту.

Компаниянын маалыматына караганда, бүгүн Стамбулга рейс жок. Ал эми 30-июндун таңында, саат 4:55 жана 7:20дагы каттам болбойт.

Стамбулдан Бишкекке жана Ошко рейстер ачык.

Кечээ Стамбулдун Ататүрк аэропортундагы жардыруулардан, расмий маалымат боюнча, кеминде 36 адам мерт кетти. Ал эми бейрасмий кабарларга караганда, набыт болгондордун саны 50гө жетти. Жүздөй адам жараат алды. (EB)

XS
SM
MD
LG