Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

АКШ-Орусия: Сирия боюнча жаңы сунуш


Идлиб провинциясынын козголоңчулар колундагы Маарит ал-Нуман шаарчасы. 31-май, 2016-жыл.
Идлиб провинциясынын козголоңчулар колундагы Маарит ал-Нуман шаарчасы. 31-май, 2016-жыл.

АКШ Орусияга Сирия боюнча жаңы сунуштарын жолдоду. Маалыматтарга караганда, эгер тараптар орток пикир тапса, бул сунуштар АКШ менен Орусиянын Сирияда өз алдынча жүргүзүп жаткан аскерий операцияларында кызматташтыкка алып барышы керек.

АКШ Орусияга жаңы сунуштары камтылган макулдашуу долбоорун апта башында жолдогону тууралуу 30-июнда “Вашингтон Пост” гезити жазып чыкты. Анда Вашингтон Москваны Сирияда “ал-Каиданын” канаты катары саналган “Жебхат ал-Нусра” террордук тобуна каршы күчтү бириктирип, ага абадан сокку урууда маалымат алмашууну жана координациялоону сунуштады.

“Жебхат ал-Нусра” - Сирияда президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан террордук уюм жана ок атышууну токтотуу боюнча быйыл февралда АКШ-Орусия макулдашкан планда камтылган эмес.

“Вашингтон Пост” гезити жазгандай, президент Обама өзү жактырып, мамлекеттик катчы Жон Керри кызуу колдогон сунуштар боюнча орток пикир табылса, бул АКШ менен Орусиянын армияларынын Сирияда буга чейин болуп көрбөгөн деңгээлдеги өнөктөштүгүнө алып барат жана Обама администрациясынын саясатындагы олуттуу бурулуш болот. Өз тарабынан Орусия мындай кызматташтыкты көптөн бери көздөп жүргөн.

“Вашингтон Пост” белгилегендей, эгер Кремль жаңы сунуштун алкагында берилген шарттарга көнсө, Орусия президент Асаддын режимине таасир көргөзүү менен ал АКШ террорчул деп санабаган козголоңчул топторду бомбалоосун токтотуусуна жетишүүсү керек. Бирок, АКШ Орусияга ал топтордун так дарегин эмес, Асаддын режиминин аба соккуларды жасабашы керек болгон географиялык зонаны гана берет.

Москва АКШнын сунушуна жооп кайтардыбы, же жокпу азырынча анык эмес.

30-июнь күнкү пресс-конференцияда Мамлекеттик департаменттин өкүлү Жон Кирби “Вашингтон Посттун" маалыматын ырастоодон баш тартып, Москва менен жүрүп жаткан талкууларды “ички дипломатиялык гана сүйлөшүүлөр” деп мүнөздөдү:

- Биз орусиялыктар Сириядагы аскерий кадамдарында “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшкө көңүл бурууга дилгирлигин далилдесе, мындай сүйлөшүүлөргө даяр экенибизди буга чейин көп жолу айтканбыз. Мен басма сөздөгү маалыматтардын өзгөчөлүгү жана ички дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы тууралуу эч нерсе айта албайм.

АКШнын Сириядагы аскерий кызматташтык боюнча жаңы сунушу жөнүндөгү маалыматты комментарийлөөдөн жума күнү Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков дагы баш тартты.

“Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөштө АКШ Сирияда курамынын басымдуу бөлүгү жергиликтүү күрттөрдөн турган Сирия Демократиялык күчтөрүн колдоодо.

Сирия Демократиялык күчтөрүнүн аскерлери. Алеппо провинциясы, 13-июнь, 2016-жыл.
Сирия Демократиялык күчтөрүнүн аскерлери. Алеппо провинциясы, 13-июнь, 2016-жыл.

Орусия болсо Башар Асаддын аскерлерине жардам берип жатабыз деп ырастайт. Бирок ар кимиси өз алдынча жүргүзүп жаткан операциялардын коопсуздугунун техникалык жактары боюнча макулдашуусун эске албаганда, эки тараптын Сирияда “Ислам мамлекети” же “Жебхат ал-Нусра” топторуна каршы аракеттеринде координация болгон эмес.

Сирияда аба соккуларын эки тарап тең жасаганы менен Вашингтон Москваны Башар Асаддын режимин кайра тикелөө үчүн ага каршы козголоңчулардын байистүү топторун да атайлап бутага алып жатканы үчүн айыптап жүрөт.

Жакында эле Орусиянын учактары Сирияда АКШ колдогон козголоңчуларды америкалыктардын эскертүүсүнө карабай, эки жолу бомбалаган.

Мунун алдында мындан эки апта мурун президент Владимир Путин Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда сүйлөп жатып, АКШнын оппозициячыл топторду бийликке кошуу сунуштары менен макул экендигин айткан эле:

- Америкалык сунуш толугу менен кабыл алынарлык деп санайм. Оппозициянын өкүлдөрүн бийликтин учурдагы структурасына кошуу жөнүндө ойлонуп көрүү керек. Мисалы, өкмөткө. Бул өкмөттүн ыйгарым укуктары кандай болору жөнүндө ойлонуп көрүү керек. Маселе, бул жерде тигил же бул аймакка көзөмөлдү кеңейтүү жөнүндө эмес, бирок бул дагы маанилүү экенине карабайт. Маселе коомдун ар кыл бөлүктөрүнүн бири-бирине ишенимин камсыздоо жөнүндө. Өлкө калкынын бардык катмары ишенген өкмөт ушул нерсенин базасында түзүлүшү керек.

АКШ менен Орусиянын буга чейинки сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Коопсуздук кеңеши атайын резолюция кабыл алып, саясий жараянды баштоо аракетинде Женевада Асаддын жана оппозиция өкүлдөрүнүн БУУ ортомчулугу астындагы сүйлөшүүлөрүнүн алгачкы айлампалары өткөн. Бирок ок атышууну токтотуу макулдашуусунун шарттары утур-утур бузулгандыктан, сүйлөшүүлөр да үзгүлтүккө учураган.

БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стефан де Мистура сүйлөшүүлөр качан уланары белгисиз болуп турганын акыркы ирет 29-июнда ырастады:

- Июль айына биз сүйлөшүүлөр үчүн эч кандай күн белгилей элекпиз. Ооба, мен бул үчүн тараптардын баарына кысым жасап жатам. Анткени муну жасай ала турган негизги тараптар аларда тарыхый жоопкерчилик бар болгонун сезиши керек.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин буга чейин кабыл алынган резолюциясында каралган мөөнөткө ылайык, Асаддын режими менен ага каршы козголоңчулар саясий өткөөл жараяндын шарттары боюнча кандайдыр бир келишимге август айына чейин жетиши керек болчу.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG