Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:58

Эрдогандын кыйын кезеңи...


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (27-июнь - 2-июль)

Узаган аптада Түркияда болгон теракттардан кийин эл аралык аналитиктер өлкө коопсуздугун камсыздаган жок деп түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганды айыптап чыгышты.

Түркияда чыккан Cumhuriyet гезитинин редактору Жан Дүндар Лондондо, Британ парламентинин имаратында өткөн түрк изилдөө борборунун жыйынында Режеп Тайып Эрдогандын доору аяктап баратканын, ал өз эрки менен бийликти өткөрүп берүүсү керектигин билдирди. Европа Биримдиги менен Эрдогандын качкындарга байланыштуу келишимин сынга алган Дүндар, Европа өз кызыкчылыгынан башканы көздөбөй калды деген оюн да кошумчалады.

Ал арада Foreign Policy журналынын аналитиги Лила Якинто диний радикалдарды колдогон Эрдогандын өзүмбилемдик стратегиясы өз мамлекетинин коопсуздугуна чоң сокку болду деп жазат. «Түркиянын жаңы султаны делген Эрдоган Осмон империясынын даңазасын кайра калыбына келтирем деген ойдо Сирияда жаңжал башталганда чек арасын жаппай койду. Анан калса диний топторго тымызын колдоо көрсөттү. Радикалдар жыланга окшош, жыланды канчалык бапестесе да баары бир баккан кишисин чагат эмеспи. Түркия азыр Пакистандын кандуу тажрыйбасын башынан өткөрүп жатат. Ататүрк аба майданында коопсуздук чаралары азыр жогорку деңгээлге чыкты. Эрдоган мурдатан эле саясий айдыңда популисттик кадамдарга барбай, диний көз караштардын артынан кубалабай, өлкөсүнүн коопсуздугуна дыкат көз жүгүртсө болмок», - деген көз карашын Лили Якинто жазды.

Жасалма интеллект геосаясатка да таасир этет

Economist журналы акыркы мезгилде окумуштуулар арасында катуу талкууга түшкөн "жасалма интеллекттин" жакын арада геосаясатка да таасири болорун жазды.

Жасалма интелллект деп илимде жаңы технологиялар, компьютердик программалар, алардын жардамы менен жасалган чыгармачыл иштер айтылат.

АКШдагы Стэнфорд университетинин профессору Себастиян Сран «Жасалма интеллектке киришүү» деген аталыштагы бекер онлайн курсту Youtube каналынан жүргүзүп, ага ондогон өлкөдөн 160 миңден ашуун адам катышкан. Өндүрүш менен технологияны тандап алган заманбап дүйнөдө мектептен алган билим адамдын кийинки жашоосунда жетишсиз болгондуктан азыр жасалма интеллектти тандап алган доор келе жатат. Адамдар заманга шайкеш келиш үчүн тынымсыз билим алышы керек. Германия, АКШ жана Кытай азыр дал ушул тынымсыз билимди жана жасалма, компьютердик интеллектти тандап алууда. Демек геосаясатка да ал өз борозун салмакчы деп жазат Economist.

Бразилиянын олимпиада кризиси

New York Times гезитинин баяндамачысы Ванесса Барбара Олимпиада оюндарына 50 күн калганда Рио де Жанейро Бразилияда "өзгөчө кырдаал" жарыялаганын, бул өлкөдө оюндарды өткөрүүгө даярдыкты мындай кой, элдин жашоосу оорлоп турганын талдаган макала жазды. Олимпиада өткөрө албай калуунун башкы себебин бийлик каржылык көйгөйгө шылтап жатат. «Мен жакында эле Риого барып келдим. Шаардын булуң-бурчунда бүтпөгөн спорттук аянттар бар, кирпичтер, курулуш материалдары чачылып жатат. Спорттук калыстарга алачык тигилет деген имиштер бар. Шаардагы коопсуздук маселеси да олуттуу болуп турат. Бир жылдын ичинде куралдуу кагылышуудан 76 киши көз жумган. Олимп оюндарын көрүүгө барчу жарым миллионго чукул кишинин коопсуздугуна ким кепил боло алат?», - дейт Ванесса Барбара.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG