Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:01

Ирак Орозо айтка тушташ аза күтүүдө


Ирактык аялдар жардыруу болгон жерде. 4-июль, 2016-жыл.
Ирактык аялдар жардыруу болгон жерде. 4-июль, 2016-жыл.

Иракта бүгүн үч күндүк аза күтүү башталды. Борбор калаа Багдадда жанкечти түшкөн автоунаалардын жарылуусунан өлгөндөрдүн саны дүйшөмбүнүн кечиндеги расмий эсепке караганда 157ге жетти. Бир нече киши дайынсыз болуп жаткандыктан курмандыктар саны дагы өсүшү да мүмкүн. Ал эми жаракат алгандар саны кеминде 190 деп айтылууда. Кандуу окуя үчүн соңку айларда Иракта мурда ээлеген аймактарынан сүрүлүп жаткан “Ислам мамлекети” тобу жоопкер болду.

Багдадда 3-июлда жасалган жардыруулар быйылкы жылдын эң кандуу окуясы болуп калды.

Жанкечти айдаган унаалардын бири түн ортосунан кийин Багдаддын борбордук Каррада районунда жарылды. Бул ооз ачып алгандан кийин жүздөгөн адам көчөгө чыккан учур эле. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, өлгөндөрдүн көпчүлүгү аялдар менен балдар.

Алар көп кабаттуу соода борбордун имаратынын ичинде жүрүшкөн жана жанкечти ошол соода борбордун кире беришинде бомбаланган автоунааны дүрмөткө келтиргенден кийин өрткө кабылгандар.

Соода борбордун имараты жанкечтинин жардыруусунан кийин. 4-июль, 2016-жыл.
Соода борбордун имараты жанкечтинин жардыруусунан кийин. 4-июль, 2016-жыл.

Бомба салынган экинчи унаа болсо Багдаддын түндүгүндөгү Шааб районунда жарылып, кеминде беш адамдын өмүрүн алды. Ирактагы бул кан төгүү ыйык Орозо айы аяктап калган учурга жана Айт майрамына туш келди:

- Биз бейкүнөө адамдардын өмүрү кыйылганына абдан капабыз. Тилекке каршы бул кадыр түндө болуп жатат. Эмне айтарымды билбейм, бул трагедия да, карасантайлардын жасаган иши. Жергиликтүү тургундар бул жерге Орозо айтты майрамдар алдында кийим сатып алуу үчүн келишкен, эми болсо табыт сатып алып жатышат. Айттын алдында ушундай кыянатчылыкка баргандардын баарын Кудай жазаласын,- дешти түндөгү аза күтүү жөрөлгөсү учурунда шаар тургундары Рейтердин кабарчысына.

Багдаддагы жардыруулар үчүн дароо эле “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алды.

Көңүл бура кетүүчү жагдай - жардыруу жасалган Каррада - Ирак борборунун негизинен шиит мусулмандар жашаган району.

Кандуу окуя ошондой эле Ирактын бийлиги көбүнесе сунниттер жашаган Фаллужа шаарын “Ислам мамлекети” тобунан толугу менен бошоттук деп жарыялагандан бир аптадан кийин болуп жатат. Андыктан Багдаддагы соңку чабуулдар “Ислам мамлекети” радикал тобунун өч алуусу катары да каралууда.

“Террордук топтор согуш талаасында талкаланууга учураган соң айласы кетип ушундай аракеттерге барып жатат",- деп белгиледи Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абади өзүнүн билдирүүсүндө.

Жардыруу жасалган аймак. Багдад, 4-июль, 2016-жыл.
Жардыруу жасалган аймак. Багдад, 4-июль, 2016-жыл.

Ак үй Багдаддагы бомба жардырууларды кескин айыптады, бул окуя Кошмо Штаттардын “Ислам мамлекети” тобуна каршы турууда чечкиндүүлүгүн гана күчөтөрүнө токтолду жана аны талкалоону көздөгөн иштерде АКШ Ирактын өкмөтү жана эли менен бирге болорун ырастады.

Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Папа Францис жекшемби күнү Ватикандагы диний жөрөлгө учурунда Ирак менен Бангладештеги кол салуулардын курмандыктарын да эскерди:

- Мен Даккада, андан кийин Багдаддагы кол салууларда курман болгондор менен жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө тилектештигимди билдирем. Келгиле, алар үчүн да сыйыналы. Кыянатчылыкка жана жек көрүүчүлүктүн туткунунда калган жүрөктөргө ыйман берүүсүн Жараткандан сураналы!

Рим папасы айткан Бангладештеги кол салуу 1-июлда кечинде болгон.

Борбор Даккада 20 чет өлкөлүк жарандын өмүрү кыйылган окуя үчүн "Ислам мамлекети" радикал уюму жоопкерчилик алганы менен Бангладеш өкмөтү аларды жергиликтүү эле согуштан топтун эле мүчөлөрү деп сыпаттоодо.

Бул аралыкта Иракка коңшу Кувейттин бийликтери дүйшөмбү күнү коопсуздук күчтөр күн мурунтан жүргүзгөн операцияларынын натыйжасында ИМ тобу мерчемдеген чабуул алдын алынып, бул топтун мүчөсү деп шектелген бир нече адам камакка алынганын жарыялашты.

Дүйшөмбү күнү ошондой эле жанкечти Саудиянын Жидда шаарында, АКШ консулдугу алдында жардыруу жасады. Андан жанкечти өзү өлүп, эки полиция кызматкери жаракат алган. Бул үчүн азырынча эч ким жоопкер боло элек. Бирок “Ислам мамлекети” террордук тобу 2014-жылдын орто ченинен тарта Саудияда да бир нече кол салууларды жасаганы белгилүү.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG