Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Кыргыз өкмөтү Центерранын сатып алуусунан кабарсыз калган


"Кумтөр" алтын кени.
"Кумтөр" алтын кени.

Мындай кабарды кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Министрлер кабинети «Центерра Голд Инк» компаниясы Канададагы алтын жана жез өндүрүүчү «Томпсон Крик Металз» компаниясын сатып алганын расмий жарыядан кийин гана билген.

Башка компанияны сатып алуунун каржысын "Центерра" компаниясы жеке эсебинен, тагыраак айтканда, канадалык «Scotia Bank» банкынын насыясы менен кошумча акцияларды чыгаруу аркылуу жаңы инвестицияларды тартуу эсебинен жүргүзүүнү болжолдоодо.

Кыргыз өкмөтү буга чейин «Центерра Голд Инк» компаниясынын мындай максаттары бардыгынан жана сатып алуунун шарттарынан кабардар болгон эмес. Сатып алуу тууралуу маалымат «Центерра Голд Инк» компаниясынан директорлор кеңешинин жыйынында кабыл алынгандан кийин гана белгилүү болгон. Директорлор кеңешиндеги «Кыргызалтын» ААКтын мүчөлөрү бул чечимге каршы добуш бергенине карабай, “Томпсон Крик Металз” компаниясын сатып алуу боюнча бүтүм башка мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен жактырылган.

Учурда «Кыргызалтын» ААК башка компанияны сатып алуунун шарттарын финансы-экономикалык жагынан талдоого киришүүдө.

Кыргызстан өкмөтү «Центерра Голд Инк» компаниясындагы кыргыз тараптын үлүшүнүн кыскартылышын максатка ылайык эмес деп эсептейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG