Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Допинг чыры балбан Кенжеевдин пайдасына чечилди


Кыргызстандык Жанарбек Кенжеев менен өзбекстандык Мухаммадали Шамсиддиновдун Азия чемпиондугундагы таймашы. 18-февраль, 2016-ж.
Кыргызстандык Жанарбек Кенжеев менен өзбекстандык Мухаммадали Шамсиддиновдун Азия чемпиондугундагы таймашы. 18-февраль, 2016-ж.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюму (United World Wrestling) кыргыз балбаны, 85 килограммга чейинки салмакта грек-рим күрөшчүсү Жанарбек Кенжеевге Олимп оюндарына алган жолдомосун кайтарып берди. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында жазылган.

Маалыматка караганда, мельдонийдин өлчөмү уруксат берилген чектен ашпаганын тастыктаган документ Эл аралык Олимпиада комитети жана Допингге каршы дүйнөлүк агенттик - WADA уюмунан келгенден кийин жолдомо кайтарылгандыгы жазылган.

Кенжеевден сырткары дагы төрт балбанга: эркин күрөшчүлөр Могаммедмурат Гаджиевге (Польша, 65 кг), Андрей Кзиатковскийге (Украина, 65 кг), кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Сумая Эрденчимегге (Монголия, 58 кг) жана Оксана Херхелге (Украина, 53 кг) канынан кызытма табылды деп алынган лицензиялар кайрадан берилген.

Спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Төлөсүн Ысыралиев Кенжеевдин лицензиясы кайрадан берилгени расмий такталганын билдирди:

- Анализдер ошол боюнча калды. Анализдин экинчи үлгүсүн (проба В) да ачышкан жок. Кыргызстандын күрөш федерациясы жана Улуттук Олимпиада Комитетинин кат аркылуу байланышы менен эле маселе чечилди.

Жанарбек Кенжеев март айында Астанада өткөн Азиялык лицензиялык мелдеште индиялык жана жапон балбандарды утуп финалга чыгып, Олимп оюндарына жолдомо алган. Жанардын жарым финалдагы жапон балбаны Тайчи Ока менен болгон беттеши мелдештин биринчи күнүндөгү эң кооз күрөш деп табылган эле. Кенжеев атаандашы партерде турганында ыгын таап, төрт упайлык ыкманы удаасы менен эки жолу жасап мөөнөтүнөн мурда таза жеңишке жеткен.​

Кыргызстандык балбан Жанарбек Кенжеев менен жапониялык Тайчи Оканын жарым финалдагы беттеши. 18-март, 2016-ж. Астана.

Бирок мелдештен кийин тапшырылган допинг тест оң натыйжа берип, канынан тыюу салынган мельдоний заты 0.85 мг өлчөмүндө табылды деген негиз менен анын жолдомосу 11-майда индиялык балбанга берилген.

Ушул окуядан кийин Кыргызстандын Күрөш федерациясы менен Улуттук Олимпиада комитети Кенжеевдин канынан табылган мельдоний заты уруксат берилген өлчөмдө (0.85 мг) экенин негиз кылып, Биргелешкен Күрөш дүйнөсү уюмуна чечимди кайра карап чыгууну өтүнүп кат жолдогон.

Июнь айынын орто ченинде балбан Жанарбек Кенжеев журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасап маселени оң жакка чечүүгө аракеттерди тездетүүнү көзөмөлгө алуусун суранган.

Анын айтуусунда, Астанада болгон лицензиялык мелдештен кийин канынан 0,85 мг өлчөмдө мельдоний табылды деген аныктаманы кайра текшертүү үчүн убагында тиешелүү чара көрүлбөй калган. Бул мүчүлүштүктү жоюу үчүн адвокат жалдап, "Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү" (UWW) уюмуна кайрадан кат жолдонгон.

- Канымдан тыюу салынган препарат табылды деп маалымат келгенден кийин беш күндүн ичинде кайрадан анализди текшертип, өз укугуман пайдалансам болмок экен. Мындай укугум бар экенин билген эмесмин. Учурунда Күрөш федерациясы, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы UWW уюмуна кенен түшүндүрмө жазып кат жолдоп, менин таламымды талашып койсо болмок. Алардын кат жолдогону же жолдобогону белгисиз. Маселе чечилбегендиктен аргасыз өзүм маалымат каражаттары аркылуу кайрылуу менен чыгууга туура келди. Айрым бир жооптуу кызматкерлердин кайдыгер мамилесинен 20 жылдык эмгегим текке кетип жатат. Ушул маселени президент Алмазбек Атамбаев көзөмөлүнө алуусун суранам, - деп айткан Кенжеев.

Жанарбек Кенжеев "Азаттыктын" студиясында. 17-июнь, 2016-ж.

Кенжеев: Олимп оюндарына баруу үмүтүм өчө элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:42 0:00

Жанарбек Кенжеев Азиянын эки жолку чемпиону. Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери. Өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынган. Азия чемпиондугунун коло байгесин үч жолу, күмүш байгесин бир жолу уткан. 2005-жылы жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон. Азия оюндарында коло байгени үч жолу жеңген. 2004-жылы Афина олимпиадасына катышып ал учурда 13-орунду алып калган. 12 жылдан кийин гана Олимп оюндарына барууга кайрадан мүмкүнчүлүк алды.

Жанарбек Кенжеев быйыл эле февраль айында Таиланддын Бангкок шаарында өткөн Азия чемпиондугунда жеңишке жетип табында экенин көрсөткөн. 85 килограммга чейинки салмакта алтын медал үчүн таймашта өзбекстандык Мухаммадали Шамсиддиновду 3:2 эсебинде утуп Азиянын чемпиону наамын экинчи жолу жеңип алды. Учурда ал 33 жашта.

Жыл сайын Допингге каршы дүйнөлүк агенттик – WADA улам жаңы тыюу салынган дары-дармектердин тизмесине киргизип келатат. Быйыл жыл башында мельдоний деген препарат чындап эле спорттук көрсөткүчтөрдү жакшыртууга кудуреттүү" деп ырасталгандыктан “кара тизмеге” кошулган.

Жанарбек Кенжеевге Олимп оюндарына жолдомонун кайтарылып берилгендиги тууралуу Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтына жарыяланган маалымат. 9-июль, 2016-ж.
Жанарбек Кенжеевге Олимп оюндарына жолдомонун кайтарылып берилгендиги тууралуу Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтына жарыяланган маалымат. 9-июль, 2016-ж.

Жыл башынан бери канынан кызытма табылды деген шек менен бир нече атактуу спортчулар мелдештерден четтеп жатат. Алардын катарында теннисчи Мария Шарпова жана жеңил атлетчи Елена Исинбаева баш болгон 4 миңден ашуун орусиялык спорчтунун канынан допинг белгиси табылганы жарыяланган. Мындан улам орусиялык спортчулар кызытма чырын орус-батыш саясаты менен байланыштырып чыгышты.

Ушундай эле чырга казакстандык оор атлетчилер да кабылышты. 2012-жылы Лондондо болгон Олимп оюндарында байге утушкан Илья Ильин, Майя Манеза, Зулфия Чиншанло жана Светлана Подобедовалардын канынан тыюу салынган препарат табылганын Допингге каршы дүйнөлүк агенттик - WADA жарыялаган.

Учурда Казакстандын оор атлетика федерациясы допинг колдонууга шектелип жаткан төрт оор атлетчини Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимп оюндарына катыштырууну 27-июнда Эл аралык олимпиада комитетинин тартип комиссиясынын кароосуна сунуштоого даярданууда.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Алмаз Касенов буга чейин "Азаттыкка" курган маегинде мельдонийди спортчулардын көбү колдонуп жүргөнүн, тыюу салынган препарат тууралуу өз убагында маалымат айтылбагандыктан спортчулар жабыр тартып жатканын айткан.

- Мельдонийди көп спортчулар колдонуп эле келген. Тыюу салынгандыгы тууралуу маалыматты спортчуларыбыз өз убагында билбей калганынан көйгөй жаралды. Мельдоний 2016-жылдын 1-январынан баштап "кара тизмеге" кирди. Ал адамдын канында 120, кээ биринде 160 күнгө чейин болот экен. Тыюу салынары тууралуу маалыматты спортчуларыбыз эртерээк билгенде мындай көрүнүш болбойт эле. Атайын допингди колдонуп жүрүп кылтакка илинсе бир жөн эле.

Айаал Лазаревге буюрган жолдомо

Дал ушундай допинг чуусуна байланышкан маселелерден улам Кыргызстандын эркин күрөш балбаны Айаал Лазаревге ийгилик жылмайган. Бул тууралуу Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму допингге каршы мыйзамдарды бузгандарды эске алып, 11-майда Олимп оюндарына жолдомо алган өлкөлөрдүн тизмесине тактоо киргизгенде белгилүү болду.

Эркин күрөштөн 125 килограммга чейинки салмакта европалык лицензиялык мелдеште олимпиадага катышууга укук алышкан украиналык Ален Засеев жана болгариялык Юсуп Жалилау да тыюу салынган препаратты колдонгону аныкталып, алардын жолдомолору болгариялык Люблен Илиевге жана венгриялык Даниэл Лигетиге берилген. Сербияда болгон европалык лицензиялык мелдеште бул салмакта Болгариянын эсебинде лицензия бар болгондуктан Рио-де-Жанейрого жолдомо кыргызстандык Айаал Лазаревге ыйгарылган. Эми Айаал Лазарев быйыл жайында Рио-де-Жанейродо боло турган Олимп оюндарында Кыргызстандын атынан күч сынашат.

Рио-де-Жанейродо боло турган Олимп оюндарына кокустан жолдомо тийип калган Айаал Лазарев Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. 2015-жылы Азия чемпиону болгон. Олимпиадага жолдомо бериле турган 2016-жылдагы Астанада өткөн мелдеште коло байгени алып, кийин Монголияда болгон мелдештин жарым финалында утулуп лицензия албай калган эле.

Ушул убакытка чейин Кыргызстандын эсебинде Олимп оюндарына 17 лицензия бар болчу. Эми Жанарбек Кенжеевдин аракети менен эсеп 18ге жетти.

Буга чейин жеңил атлетчилер Дарья Маслова, Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Виктория Полюдина жана Илья Тяпкин, грек-рим күрөшчүлөрү Арсен Эралиев, Мурат Рамонов, эркин күрөшчүлөр Магомед Мусаев, Айаал Лазарев жана Айсулуу Тыныбекова, боксчу Эркин Адылбек уулу, дзюдочулар Отар Бестаев жана Юрий Краковецкий, сууда сүзүүчүлөр Дарья Таланова менен Денис Петрашов олимпиадага катышууга жолдомо алышкан. Ошондой эле оор атлетика боюнча улуттук курама командага бир жолдомо берилген.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG