Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:51

Сирия: АКШ-Орусия аскерий багытта кызматташабы?


Владимир Путин жана Жон Керри. Москва, 14-июль, 2016-жыл.
Владимир Путин жана Жон Керри. Москва, 14-июль, 2016-жыл.

Москвада эки күндөн бери АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрү өтүүдө. Мамлекеттик катчы Жон Керри бейшембиде түн ортосуна чейин президент Владимир Путин менен сүйлөшсө, эки өлкөнүн тышкы саясий мекеме башчыларынын жолугушуусу да бир нече саатка созулду. Керринин сапары алдында тараптар Сириядагы ыктымал аскерий кызматташтыкты талкуулай турганы бейрасмий кабарланган эле.

Орус президенти Владимир Путин менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин бейшемби түндөгү жолугушуусу үч саатка созулду.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Жон Кирбинин Кремлдеги кездешүүдөн соң маалымдаганына караганда, Керри Путин менен сүйлөшүү учурунда “Сирия режими ок атышууну токтотуу шарттарын утур-утур бузуп жатканына тынчсыздануусун” айтты.

Тараптар ошондой эле “Сирияда “Ислам мамлекети” тобу, “ал-Каиданын” канаты катары саналган “Жабхат ал-Нусра” өңдүү террордук топторго кысымды күчөтүүнүн зарылдыгын да талкуулашкан.

Мамдепартаменттин өкүлү кошумчалагандай, АКШ тышкы саясий мекемесинин башчысы Путинге Сирияда “кыска мөөнөттүү конкреттүү кадамдарсыз дипломатиялык аракеттер белгисиз мөөнөткө улана албасын айткан”.

Керри жана Лавров. Москва, 15-июль, 2016-жыл.
Керри жана Лавров. Москва, 15-июль, 2016-жыл.

Керри жума күнү Лавров менен жолугушуу алдында Путин менен сүйлөшүүсүнүн мазмунун “ачык жана олуттуу” деп сыпаттоо менен буларга токтолду:

- Террорчулар үчүн Сириядан чоң очок же инкубатор башка жерде жок. Менимче, азыр бүткүл дүйнө бул террор коркунучун токтотууга жардам берүүчү чараларды мүмкүн болушунча тезирээк көрүүбүз үчүн бизди карап жана бизге үмүт артып турушат. Биз террорчулардын өмүр жана өлүмгө карата кайдыгер жана бузуку мамилесине каршы да дүйнөнү мүмкүн болушунча ар тараптуу аракеттер менен бириктирүүбүз абзел.

Терроризмге каршы кызматташтык зарылдыгын жума күнкү сүйлөшүүлөрдүн башталышында орус тышкы иштер министри Сергей Лавров да билдирди:

- Менимче, Ниццедеги жийиркеничтүү терактка байланыштуу да биздин ишибиздин чукулунан зарылдыгы жана актуалдуулугу артып турат.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков болсо жума күнү Путин менен Керринин кездешүүсүн “кыйла конструктивдүү, ачык-айкын жана деталдуу" деп мүнөздөдү, "бирок биз Сирияда терроризмге каршы аракеттердин эффективдүүлүгүн көтөрүү үчүн, тилекке каршы, реалдуу кызматташтыкка олуттуу жакындаган жокпуз, Сириядагы операцияларды аткаруудагы реалдуу карым-катнаш боюнча көп маселелер али кала берүүдө",- деп белгиледи.

Керринин сапары алдында Орусия менен Сирияда аскерий операциялар координациялана электигин Ак үй да ырастаган:

- Ушул тапта Кошмо Штаттар Сирияда аскерий аракеттерди Орусия менен чогуу жүргүзгөн да жок, координациялаган да жок. Мындай макулдашуу жетишилүүсү мүмкүн деген жоромолдор бар экенин билем. Бирок мындай болору анык эмес. Сирияда “Ислам мамлекети” тобуна, “ал-Каидага” каршы көңүл бурса, биз Орусиянын салымын кубаттамакпыз. Бирок алар аскерий кубатын Башар Асаддын режимин чыңдоо үчүн колдонууга көбүрөөк көңүл буруп жатышат, - деди Ак үй өкүлү Жош Эрнест.

"Вашингтон Пост" гезитинин Керринин сапарын утурлай жазганына караганда, ал Москвага президент Барак Обаманын Сириядагы аскерий кызматташтык боюнча маанилүү сунушун алып келмек. Бул абройлуу басылмадагы маалыматтар боюнча ал сунуш тараптардын Сириядагы операциялар үчүн биргелешкен аскерий командалык жана көзөмөл пунктун түзүүнү карайт. Ал жерде АКШ менен Орусиянын аскерий жана чалгын өкүлдөрү чогуу отурушу керек болот.

Мындай кызматташтыктын ордуна АКШ Орусиядан Асаддын режимине каршы козголоңчулардын байистүү топторун жана жарандарды бомбалоону токтотуусу, камалоодо калган аймактарга гумжардам жетишине жол ачышы үчүн кысым көргөзүшүн күтөт.

Вашингтон ошондой эле Орусия акыр аягында Башар Асаддын үй-бүлөсүнүн кырк жылга созулган бийлигинин аякташына алып келүүчү саясий жараяндын башталуусуна жардам беришин да көздөөдө.

Алеппонун козголоңчулар колундагы ал-Шаар районунда нанга кезекке тургандар. 14-июль, 2016-жыл.
Алеппонун козголоңчулар колундагы ал-Шаар районунда нанга кезекке тургандар. 14-июль, 2016-жыл.

Москвадагы азыркы сүйлөшүүлөрдү утурлай Асад өзү буга чейин Орусия тараптан анын бийликтен кетүүсү боюнча талап бир да жолу көтөрүлбөгөнүн айтып чыкты.

Америкалык “Ассошейтед пресс” агенттигинин маалыматына караганда, Вашингтондогу саясий чөйрөлөрдө Жон Керринин Сирия боюнча Орусия менен карым-катнаш түзүү аракети ийгилик таба аларына ишенбөөчүлүк терең. Мындан улам Сирия боюнча соңку планга Мамдепартаменттин, Коргоо министрлигинин, чалгын мекемелердин көп кызмат адамдары каршы болушкан.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG