Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:56

Түркияда “гүленчилерге” каршы аракеттер уланууда


Түркия.
Түркия.

Түркиянын Билим берүү министрлиги тараткан расмий билдирүүдө Фетхулла Гүлендин “экстремисттик тобу” менен байланышы бар деген кызматкерлер иштен алынып жатканы айтылат. 19-июлда агартуу тармагында эмгектенген 15 миң 200 кызматкер иштен четтетилип, алардын үстүнөн тергөө башталган. Ошондой эле окуу жайлардын 1577 жетекчилерине кызматтан баш тартуу талабы коюлду. Алардын 1176сы мамлекеттик, 401и менчик жогорку окуу жайлары. Бул талаптан кийин эки ректор өз ыктыяры кызматын тапшырган.

Ал арада БУУ Түркия бийлигин төңкөрүш аракетине жооп кайтарууда мыйзамды сактоого үндөп, өлүм жазасын кайра киргизүү ыктымалдыгына байланыштуу камтама болууда. Козголоңдон кийин Түркияда 7 жарым миңден көп киши камалды, миңдеген адам кызматтан алынды. Көбү сот, прокурор, аскерий адамдар жана жергиликтүү жетекчилер. Батыш лидерлери жана түрк оппозициясы Анкараны күнөөлүүлөрдү жоопко тартууда сабырдуу болууга чакырып жатышат. Ишке ашпай калган төңкөрүш 200дөн ашык кишинин өмүрүн кыйды.

Бийлик төңкөрүш аракетине өзүнүн каршылашы, учурда АКШда жашап жаткан Фетхулла Гүленди айыптап, анын “Хизмет” уюмун "экстремисттик" деп атады. Бирок Гүлен бул айткандарды куру доомат катары баалап, өзүнүн колдоочулары бийликке барууну көздөбөй турганын кайталоодо. Ал төңкөрүштү бийлик атайлап уюштурган болушу мүмкүндүгүн билдирип келет. (ElB/NT)

XS
SM
MD
LG