Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Жолчиев: курулуш - эң кооптуу тармак


Бишкек шаарындагы жаңы курулуштар
Бишкек шаарындагы жаңы курулуштар

Бишкектин чет жагындагы көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан кулаган эки курулушчунун өлүмүн Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы иликтей баштады.

20-июлда Алма-Ата жана Түштүк магистраль көчөлөрү кесилишкен жерде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн үч адам кулап кеткен. 17-18 жаштардагы эки улан окуя болгон жерде каза табышкан. 29 жаштагы жаран баш мээси катуу чайкалып, ооруканага түшкөн.

Бул окуядан улам Кыргызстанда курулуш коопсуздугуна канчалык маани берилет деген суроо көңүл борбордо болууда. "Азаттык" Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын эмгекти коргоо бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Жолчиевди кепке тартты.

"Азаттык": Бул имаратты кайсы компания куруп жаткан экен? Текшерүү башталдыбы?

Бактыбек Жолчиев: Окуя 20-июлда болгон. Маалымат түшөрү менен кесиптик кошуун, жумуш берүүчү, биздин инспекциянын адисинен турган комиссия түзүлгөн. Азыр алар иликтеп жатышат.

Бул үйдү “Аю курулуш” компаниясы куруп жаткан. Бирок каза болгон балдар анын ичинде үйдүн сыртын жылуулоо менен алектенген Мамытова деген аялга таандык менчик ишкананын жумушчулары болуп чыкты. Иш учурунда кулап кетишкен.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, кырсыкты иликтөөгө он беш күн берилет. Бул убакытта комиссия кырсыкка ким күнөөлүү болгонун, себептерин, чоо-жайын талдап, өз корутундусун чыгарат.

"Азаттык": Курулуштагы коопсуздукту ким текшерип, ким көзөмөлгө алышы керек? Бул үчүн ким жооптуу?

Бактыбек Жолчиев: Курулушта иштегендердин коопсуздугу үчүн биринчи кезекте жумуш берүүчү жооп берет. Эреже боюнча курулуш компаниялары техникалык коопсуздук боюнча инженер деген адисти ишке алып, мындай кызматкери болушу керек. Ал курулушчуларга түшүндүрмө берип, үйрөтүп, журналдарга кол койдуруп туруп анан жумушка кабыл алат, андан кийин коопсуздугун карайт.

Ошондой эле алардын үстүнөн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция да коопсуздукка көз салат. Бизде атайын инспекторлор бар. Алар маал-маалы менен барып, коопсуздук боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканын көзөмөлдөйт.

"Азаттык": Былтыр Бишкекте 8-кабаттан 16 жаштагы өспүрүм кулап кетип, көз жумган. Быйыл эки бала учуп кетти. Анын бири 17 жашта экен. Жашы жете электердин жумушка тартылышы көзөмөлгө алынып жатабы?

Бактыбек Жолчиев: Курулуш тармагы эң кооптуу тармак болуп саналат. Мыйзамда 18 жашка чейинкилер мындай оор тармактарга жумушка тартылбасын деген жобо жазылган.

"Азаттык": Мыйзамдын аткарылбай жатышына эмне себеп?

Бактыбек Жолчиев: Биз эскертүү берсек деле иш берүүчүлөр мыйзамды түшүнбөйбү, айтор балдарды кез-кезде жумушка алып, анын аягы мындай кайгылуу окуялар менен аяктап калууда.

XS
SM
MD
LG