Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Талаштуу баннерлер аймактарга илинүүдө


Коомдо катуу талаш-тартыш жараткан баннерлер Кыргызстандын аймактарына илинип жатат. Эми алар Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарындагы шаарларда пайда болду. Бишкектин көчөлөрүндө 12-июлда илинген баннерлерде улуттук кийимдеги аялдардын, бети-башын жоолук менен жаап, көзүн гана ачык калтырган кыз-келиндердин, ошондой эле чүмкөнгөн зайыптардын сүрөтү жайгаштырылып, «Кайран элим, кайда баратабыз?» деп суроо коюлган.

Аны коомчулукту экиге бөлүүчү чагымчыл мүнөздө деп баалагандар да бар. Ошол эле маалда коомду диний радикалдашууга жеткирбөө үчүн мындай чакырыктар зарыл деген пикирлер да айтылган. Өткөн жумада президент Алмазбек Атамбаев андай баннерлерди бүт Кыргызстанга илүүнү тапшырган. (NT)

XS
SM
MD
LG