Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

ЕБ Түркиянын өзгөчө кырдаал режимине кабатыр


Түркия, Стамбул.
Түркия, Стамбул.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини өзгөчө кырдаал режими түрк бийлигине өлкөнү каалагандай башкарууга шарт түзөрүн билдирди. Могерини Анкараны адам укугун сактоого чакырды.

Буга чейин Түркия өзгөчө кырдаал учурунда адам укуктары боюнча европалык конвенцияны убактылуу токтоторун өлкөнүн вице-премьери Нуман Куртулмуш маалымдаган. Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган өзгөчө кырдаал үч айга киргизилгенин жарыялаган. Укук коргоочулар бул кадам төңкөрүш аракетин колдогондорду куугунтуктоого алып келерин белгилеп, кооптонуп жатышат.

16-июлга караган түнү Түркияда аскерий төңкөрүш жасоо аракети болгон. Анда козголоңчуларды кошпогондо 246 адам каза тапканы кабарланып, 2200гө жакыны жаракат алган. Козголоңго тиешеси бар деген шек менен 6 миңдей киши кармалды. Арасында жогору даражадагы офицерлер, аткаминерлер жана судьялар бар.

XS
SM
MD
LG