Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Чавушоглу: Кыргызстанды эскерттик


Чавушоглу: Кыргызстанды эскерттик
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:10 0:00

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу “Хабертүрк” каналындагы маегинде Кыргызстанда Фетхуллах Гүлендин кыймылынын таасири күчөп баратканын билдирди. Чавушлоглу бул кыймылдын коркунучу тууралуу Кыргызстанга эскерткенин да айтты. Тышкы иштер министрлигинин жообунда Кыргызстан Түркиянын расмий жетекчилеринин тынчсыздануусуна түшүнүү менен мамиле кылары айтылат. “Түркия - Кыргызстан үчүн тарыхый тыгыз байланышы бар, бир тууган өлкө. Бирок Кыргызстан көз карандысыз, эгемен өлкө катары эмне жакшы, эмне жаман экенин өзү чечүүгө кудурети жетет. Кайсы бир чет мамлекеттин тышкы иштер министри башка бир өлкөгө кандайдыр бир чара көрүү зарылчылыгын ультиматум тилинде көрсөтүүсү туура эмес” деп айтылат Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG