Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

Эгемендик - 25: Көз карандысыздыкка жеткен күн (3-чыгарылыш)


Эгемендик - 25: Көз карандысыздыкка жеткен күн (3-чыгарылыш)
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:56 0:00

1991-жыл тарыхый окуялардын жылы болду. 5-февраль күнү республиканын борбору Фрунзе Бишкек шаары болуп өзгөрүлүп, 31-августта Орто Азия мамлекеттеринин ичинен биринчи болуп Кыргызстан көз каранды эместигин жарыялады, дүйнөлүк саясий картада жаңы мамлекет, эгемендүү Кыргызстан пайда болду. Бирок, 31-августта парламентте “Көз карандысыздык жөнүндөгү” декларацияны кабыл алуу оңойго турган жок, көптөгөн кыйынчылыктар менен талашып-тартышуу аркасында бекиди. Анткени парламентте өзүнчө эгемендүү мамлекет болууга макул эмес коммунист депутаттар көп болгон. Көпчүлүк коммунисттер советтик доорду эңсеп, кайтып келүүнү каалашчу эле. Жаңы президент Аскар Акаев болсо Кыргызстанды экинчи Швейцария кылам деп убада кылып, президенттик антын берди. Үчүнчү көрсөтүү мына ошол 1991-жылдагы Кыргызстандын жаңы доорунун башаты туурасында болмокчу.

XS
SM
MD
LG