Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси боюнча көз карашын жарыялайт


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн Бишкекте маалымат жыйынын куруп, Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси боюнча көз карашын билдирет. Бул тууралуу аталган фракциядан кабарлашты. Текебаев 2010-жылдагы Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгы жок деген пикирди карманып келет. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаевдин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгы тууралуу айткандарына каршы чыккан.

27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун өз ара макулдашып, коомдук талкууга коюлган. Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен референдумду күзүндө өткөрүү мерчемделип жатканы маалымдалган. Өмүрбек Текебаев баштаган бир катар депутаттар, жарандык активисттер бул демилге бийликти узурпациялоого алып келет деп кооптонуп жатышат. Алар бийликти Конституцияны өзгөртүүдөн баш тартууга чакырышууда. Социалдык тармактарда бул демилгеге каршы кол да топтолууда. (NT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG