Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Эрдоган: үйлөнүү тойдогу жардырууну өспүрүм уюштурган (видео: жардыруу учуру)


Жардыруудан жараат алгандарды тез жардам ооруканага жеткирүүдө
Жардыруудан жараат алгандарды тез жардам ооруканага жеткирүүдө

Түркиянын Газиантеп шаарындагы 51 кишинин жанын алган жардырууну 12-14 жаштагы өспүрүм ишке ашырганын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жекшембиде билдирди.

Түрк бийлиги окуяны теракт деп сыпаттап, анын артында "Ислам мамлекети" терорчул топ турарын айтып чыкты. Аталган уюм азырынча жоопкерчиликти өз мойнуна ала элек.

Жардыруу жекшембиге караган түнү үйлөнүү үлпөт тоюна келген адамдар майрамдоо үчүн көчөгө чыккан учурда болгон. Келген коноктор жана жаш жубайлар күрт болгондугу кабарланууда. Газиантеп Түркиянын түштүгүндө Сирияга чектеш жайгашкан шаар. Учурда Сириянын бул аймагында "жихадчылар" менен күрттөрдүн куралчан күчтөрү ортосунда кагылышуулар уланып келет.

Жардыруу болгон учур:

XS
SM
MD
LG