Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Алты жашар баланы сүзгөн кыз тергөө абагына камалды


Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 18-августта алты жашар баланы сүзгөн айдоочу кызды бир айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.

- 281-берене, атап айтсак "жол эрежесин бузуу менен адам өлтүрүү жана адам денесине зыян келтирүү" беренелери боюнча иш козголду. Алдыда тергөө кырсыктын чоо-жайын тыкыр иликтеп, өз корутундусун чыгарат. 

23 жаштагы айдоочу кыз 18-авустта Манас көчөсү менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде алты жашар баланы энеси менен чогуу сүзгөн. Кырсыктан улам бала өзүнө келбей, чарчап калган. (SDz)

 

XS
SM
MD
LG