Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:47

Италия: зилзала курмандыктарынын саны 250дөн ашты


Италиядагы жер титирөөдөн аман калгандар.
Италиядагы жер титирөөдөн аман калгандар.

Италиянын борбордук бөлүгүндөгү жер титирөөдөн курман болгондордун саны 250дөн ашты, 360тан ашуун адам ооруканаларга түшкөнү кабарланууда. Уранды алдында дагы кишилер болушу айтылып жатат. Издеп, куткаруу иштерине полициячылар, өрт өчүргүчтөр, аскерлер, ыктыярчылар, жалпысынан 5000дей адам тартылды.

Күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө 24-августтун таңында болгон. Баарынан катуу Аккумоли, Аматриче, Поста жана Арката-дель-Торонто шаарлары жабыркашты.

Аматриче шаарынын мэринин айтуусунда, шаардын жарымы урап калган. Жер силкинүүдөн кийинки жер көчкү да калаага бир топ зыян келтирген.

2009-жылы Италиянын Л’ Акуиле шаарында болгон күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө 300дөн ашуун адамдын өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG