Өкмөттө Москвадагы өрттөн каза тапкандардын жакындарына жардам көрсөтүү боюнча атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков төрагалыгы алдында атайын жыйын өттү. Анын жүрүшүндө каза болгондордун сөөгүн алып келүү боюнча атайын учак жебирилери белгилүү болду.
Жардам көрсөтүү боюнча штабды вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева жетектейт. Кудайбердиева, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов баш болгон жумушчу топ Москва учуп кеткен жатат.
Каза болгондордун сөөгүн алып келүү, аларды акыркы сапарга узатуу боюнча чыгымдарды өкмөт көтөрөт. (BkA)