Линктер

дүйшөмбү, 21-август, 2017 Бишкек убактысы 19:56

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов “стационардык дарылануу” үчүн ооруканага жатканын өлкөнүн министрлер кабинети кабарлады.

Мамлекетти 1989-жылдан бери башкарып келаткан 78 жаштагы Ислам Каримовдун саламаттыгына байланыштуу кабарды өзбек өкмөтү алгач ирет таратууда. Расмий маалыматка ылайык, президенттин “толук медициналык кароодон өтүшү жана дарыланышы үчүн убакыт керек”. Мурдараак Каримов оор дартка чалдыкканы тууралуу имиштер чыккан. Бирок эмне оору экени так айтылган эмес.

Ислам Каримов жыл сайын Өзбекстандын эгемендик майрамына катышат.

Бул жылкы майрамга мамлекет башчынын катышаар-катышпасы азырынча белгисиз. Өзбекстанда 1-сентябрь - Эгемендик майрамы. Ага карата жылына 31-августтун кечинде Ташкендеги “Мустакиллик” аянтында ири концерт уюштурулат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG