Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул тууралуу 28-августта кыргызстандык кесиптеши Эрлан Абдылдаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда билдирди. ТИМден маалымдашкандай, Лавров өрттө каза тапкан он төрт кыз-келиндин жакындарына көңүл айтып, кырсыктын чоо-жайы дыкат иликтенерин жана анын жыйынтыгында күнөөлүүлөр жоопко тартыларына ынандырды.
Өз кезегинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кырсыктын себептери тез арада аныкталат деген ишенимде экенин айтты.
Москвадагы өрт 27-августта эртең менен "Печатный экспресс" басмаканасына таандык кампада чыккан. Биринчи кабаттан лифттин шахтасы аркылуу төртүнчү кабатка чейин тарап, ал жакта жумушка келип кезек алмашып жаткан кыз-келиндер калып калган.
Өрттү өчүрүүгө төрт сааттан ашык убакыт кеткен. Тилсиз жоодон он жети адам набыт болду, анын он төртү кыргызстандык.