Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:12

Кытай элчилигинде жарылуу болду


Кытай элчилигинде жарылуу болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алдын-ала маалыматтар боюнча, Кытайдын Бишкектеги элчилигиндеги жарылууда бир адам каза таап, экөө жаракат алды. Азыр ӨКМнын куткаруу кызматы, өрт өчүрүүчүлөр, "Тез жардамдын" өкүлдөрү окуя болгон жерде жүрүшөт. Министр Кубатбек Боронов да ал жерге жөнөп кетти. Кытайдын Кыргызстандагы элчилигиндеги бүгүнкү жарылуу имараттын ичинде болгон деген маалымат бар. Азыр бул районду милиция курчап турат. Тактала элек маалыматтар боюнча, элчиликтин батыш тарабындагы дарбазасында машине жарылган. Кытай элчилигине жакын жайгашкан райондордун жашоочулары жарылуу катуу болгонун жана үйлөрдүн терезелери титиреп кеткенин "Азаттыкка" маалымдашты.

XS
SM
MD
LG