Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Бийлик Фейсбукту чектейби?


Интернетте бийликти социалдык тармак аркылуу сындагандарды чектөө аракети кызуу талкуу жаратты.

Интернеттеги эркин басылмалардын бири “Заноза” сайтынын башкы редактору Дина Маслова Фейсбуктагы баракчасына соцтармакка бийлик тарабынан кысым башталганын төмөнкүчө билдирди.

- Мага белгилүү болгондой, ИИМдин 10-башкармалыгына социалдык тармактардагы бийликти активдүү сындагандардын IP даректерин табуу, ал эми президенттин интернеттеги тарапташтарына сындап жазган колдонуучулардын баракчаларына арыздануу тапшырмасы берилиптир. Өзбекстандын бир жерине түшүп калгансып таң калып жатам.

Журналист Дина Маслова менен байланышканыбызда мындай маалыматты Ички иштер министрлигиндеги өздүк булактарынан алганын, сынчыларды тизгиндөө аракети басылманын Фейсбук баракчасында башталганын кошумчалады.

“Интернетти чектөө тапшырмасы берилген эмес”

Анткен менен ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов журналисттин жазгандары чындыкка коошпойт деп жокко чыгарууда. Анын ишендиришинче, 10-башкармалыкка соцтармакты чектөө боюнча эч кандай тапшырма берилген эмес.

- Дина Маслова жазса жазгандыр. Бирок биздин алдыбызда коомдук тартипти сактоо боюнча андан башка чоң милдеттер бар. Маслова жазгандай аларга эч кандай тапшырма берген эмес. IP даректерди текшерип жатат деген негизсиз. Андай эч кандай тапшырма болгон эмес.

Иллюстрация
Иллюстрация

“Республика” оппозициялык гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова журналист Дайыр Орунбековго байланыштуу соттук териштирүүлөрдү мисалга тартып, азыркы бийлик тарабынан интернеттеги эркин басылмаларга эчак эле кысым башталган деп эсептейт.

Фейсбук, Твиттер сыяктуу социалдык тармактардын колдонуучуларын кандайдыр бир билдирүүсү үчүн IP даректерин аныктап, чектөө техникалык жактан иттен оңой. Мындай оюн IT тармагынын адиси Татту Мамбеталиева ортого салды.

- IP даректерди аныктоо техникалык жактан мүмкүн. Бирок негизги суроо башкада - бул мыйзамдык жактан туурабы? Болбосо колдонуучулардын IP даректерин табуу оңой эле.

Сынчыларды тизгиндөө машкаты...

Укук демекчи, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча интернет басылмалар, социалдык тармактар жалпыга маалымдоо каражаттарына кирбейт жана атайын мыйзамдар менен көзөмөлдөнбөйт.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин башчысы Марат Токоевдин ишениминде, бийлик тараптан кандай гана тапшырма берилбесин, күн санап таасири күчөп бараткан соцтармактарды ооздуктоо мыйзамдык жактан да, техникалык жактан да татаал.

- Соцтармактар башка ат менен чыгууга толук мүмкүнчүлүк берет. Андыктан жазып аткан адам өзүбү же башкабы өзүнчө маселе. Мисалы, чет өлкөдө отуруп алып деле бийликке сындарды жазса болот. Аларды кантип чектешет? Мисалы, Канадада отурган сынчыны кантип табышат? Бир сөз менен айтканда, IP даректердин ээлерин табуу аябай оор.

Президенттин интернеттеги тарапташтарына сындап жазган колдонуучулардын баракчаларына арыздануу тапшырмасы берилиптир.

6-чакырылыштагы КСДПнын айрым депутаттары чет өлкөдөн каржыланган жана чет өлкөлүк жарандардын катыштыгы бар медиа каражаттарды чектөө боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, жарандык коомдун катуу сынынан соң убактылуу артка кайтарылган.

Буга удаа эле “Республика Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов оюна келгенин жазган интернет басылмаларды жоопко тартуу үчүн аларды да маалымат каражаттарына кошуу тууралуу мыйзам сунуштарын билдирген.

Эксперттердин баамында, мындай чектөөлөрдүн баары Орусиянын таасиринен улам киргизилиши мүмкүн. Анткени аталган мыйзамдар Орусияда эчак ишке кирген.

XS
SM
MD
LG