Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:26

Агахан университети алгачкы студенттерин кабыл алды


Нарындагы Агахан университети.
Нарындагы Агахан университети.

Нарындагы Агахан университети алгачкы студенттерин кабыл алды. Эл аралык деңгээлдеги университетте быйыл 71 студент окуусун баштады. Алар Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан, Ооганстан жана Пакистан өлкөлөрүнүн жарандары экенин окуу жайдан кабарлашты.

Университетке тапшырууга 600дөн ашуун абитуриент арыз берген. Бир жылдык окуу акысы 8000 доллар. Студенттин социалдык абалына жана окуудагы жетишкендиктерине жараша 90 пайызга чейин жеңилдиктер каралган. Мындай жеңилдик быйыл бардык студентерге берилди.

Социалдык желелерде Агахан университетиндеги окутуу исламдын шиит агымындагы диний көз караштарды жайылтат деген пикирлер кызуу талкууланып келет.

Аталган окуу жай Борбор Азия Университети катары 2000-жылы негизделген. Бул менчик университетти уюштуруу келишимине жана анын уставына Тажикстандын, Кыргызстандын жана Казакстандын президенттери жана диний ишмер Агахан кол койгон. Аталган документтер үч республиканын парламенттери тарабынан ратификацияланып, Бириккен Улуттар Уюмунда катталган. (MiK)

XS
SM
MD
LG