Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Өз баласына кор болгон эненин арманы


Иллюстрация
Иллюстрация

Сузактын Комсомол айылынын 70 жаштагы тургуну Патила Жолдошова күйөөсүнөн калган үйүнө батпай, азыр ар кайсы жерде көчүп-конуп жүрөт.

Ичкиликке байланган экинчи уулу өз апасына күн көрсөтпөй мүлк талашып, уруш-жаңжалдан тажаган эне "Азаттыкка" жардам сурап кайрылды. Анын кичүү баласы да эки жыл мурдагы жол кырсыгынан кийин төшөктө жатат.

Патила Жолдошова ар кайсы жерде баш калкалап жүргөнүн айтты:

- Балам, эмне кыларымды да билбей турам. 35 жашка чыккан уулум мага ушундай кордук көрсөтөт деп күткөн эмесмин. Эх, ичкиликке берилип күн сайын үйгө мас болуп келип жаңжал салат. Анын айынан өзүм да жүрөк оорулуу болуп калдым. Арманымды кимге айтам?! Кошуналар да кандай күндө жашап жатканымды жакшы билишет. Болушайын дейт, бирок алар да баламдан коркушат.

Жаңы эле милиция бөлүмүнөн келген энени кызынын үйүнөн кезиктирдик. Бир күн мурда мас болуп келген баласы терезелерин талкалап, кулпуланган үйдүн эшиктерин бузуп салганын айтып кейиди. Аймактык тескөөчүлөр энеге эч кандай жардам бере албасын айтып, аны жолго салыптыр. Көзүнө жаш алып, кызынын үйүнө келген эне арманын мындайча айтып берди:

- Мас болуп келген күндөрү мага бычак такап, орок менен башыма кармап коркутат. Түн кирди дегиче үйдө тынчтык жок. Неберелерим менен ызылдап, кээде түндө огороддогу жүгөрүнүн ичине кире качып, таңды ошол жерде аттырабыз. Быйыл кышкысын ушул баламдын кордугунан улам шаардан 8 миң сомго ижарага батир сатып алып, ошол жакта жашап жүрдүк. Жазда дыйканчылык кылганы кайра үйгө келебиз. Кечээ кечинде үйдө дагы тополоң чыгып, терезелерди талкалап таштаптыр. Ыйлап, милиция бөлүмүнө баламды камап бергиле деп барсам, "эжеке, колубуздан эч нерсе келбейт, биз үйүңүзгө бара берип тажаганбыз" деп жолго салды. Ыйлап-ыйлап коркконумдан үйгө кирбей кызымдыкына келдим. Айтчы, балам, эмне кылайын?

Патила Жолдошованын төрт кыз, үч уулу бар. Ал "Баатыр эне" наамын алмак. Бирок карыганда энесин ары-бери түрткүлгөн бул баласы мурда соттолгондуктан наамга илинбей калган экен. Кыздары болсо турмушка чыгып, өз-өзүнчө түтүн булатып кетишкен. Тун уулу жубайы менен чет жакта иштейт.

Кичүү баласы Азамат Жолдошов эки жыл мурда жол кырсыгына кабылып, төшөккө байланган. Ошол себептүү үйдөгү ызы-чууга күбө болгону менен, апасына жардам берүүгө алсыз. Учурда ал да дартынын айынан ооруканада жатат.

- Түнкүсүн ызы-чуу болгондо милиция чакырабыз. Алар алгач 2-3 жолу келип, кармап кетишти. Бирок алар коё берген соң кайра эле ошол көрүнүш кайталана берет. Соңку учурларда телефон чалуубузга жооп бермек турсун, келбей да коюшту. Алар да эч жыйынтык чыкпайт экен деп келүүдөн баш тартып жатышат. Апама эле кыйын болду. Түндө ызы-чуу, байкуш апам кээде мас агамдын айтканын жасап, түндө да тамак бышырып берет. Бизге жардам берген эч ким чыкпай жатат. Өзүмдүн болсо бутум иштебей, жардам бере албайм.

Патила Жолдошова менен бирге анын жүрөгүнүн үшүн алган үйүнө бирге барууну чечтик. Эне коркконунан көчөдө туруп өз үйүнө кирүүгө батына алган жок. Биз кошунасы менен бирге турак жайына кирдик. Бир бөлмөдө кечинде ызы-чуу салган баласы уктап жатыптыр. Ошол жерде дароо аймактык милиция бөлүмүнө телефон чалып, тескөөчүлөрдү чакырдык.

Барпы аймактык милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү, өзүн Кумар деп тааныштырган кызматкер бул үй-бүлө тууралуу буларды айтты.

- Административдик кодекске ылайык, мас кишини эч себепсиз камап коё албайбыз. Азыр алардын укугу да корголот. Мен бул жерде жөнөкөй гана тескөөчүмүн. Прокурор, же сот эмесмин. Апасы түшүнбөй жатат, бизге келип камап бергиле дейт. "Эже, балаңыз урдубу, уурулук жасадыбы? Айтыңыз. Сабаса экспертизадан өткөрөлү" десек макул болбойт. Анан биздин колдон эч нерсе келбейт, болгону суткага гана кармап тура алабыз. Баласы булардын бир нерсесин билип алган да. Кечинде барып эле коркутуп, ар нерсе жасай берет. Айылда кошуналарына тийише албайт.

Бир убакта биздин катарга Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы да кошулду. Жагдай менен таанышкан жетекчи айылдык кенеш жана аксакалдар соту да буга эч кандай жардам бере албастыгын айтып, болгону эненин баласын наркология бөлүмүндө дарылатууга көмөктөшөрүн билдирди.

- Бул маселени аксакалдар соту караган чакта да алар эч нерсе кыла алышпайт. Милицияга баш бербеген бала аксакалдарды укмак беле? Алар баарын сурашат, эжени беттештирип, өз чечимин чыгарат. Маселе эч жакка өзгөрбөйт.

Ошентип үйдө мас жаткан Тилек Жолдошевди милиция кызматкерлери кайрадан үч саатка кармоо үчүн бөлүмгө алып кетишти.

Укук коргоочулар жыл өткөн сайын кары-картаңдардын зордук-зомбулукка учураганы көбөйүп баратканын айтышат. Айрым учурлар кайгылуу аяктап, балдарынын же башка жакындарынын колунан каза тапкан карылар да бар.

XS
SM
MD
LG