Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:07

Алмазбек Атамбаев Кадыржан Батыровдун качышын иликтөөнү тапшырды


Кадыржан Батыров
Кадыржан Батыров

Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага 2010-жылы июнь коогасын уюштурган деп айыпталып издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө качышына Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн катыштыгы бар-жогун иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүүнү тапшырды.

Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттеги жаңы жагдайларга байланыштуу кечээ 14-сентябрда кылмыш иш козголду жана баш прокурор Индира Жолдубаевга тыкыр иликтөө жүргүзүү тапшырылды.

Атамбаев 31-августта Бишкекте Ала-Тоо аянтында эгемендик майрамында сүйлөгөн сөзүндө Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттерди колдогону үчүн жооп берчү күн келет деп эскерткен эле.

Жалал-Абаддагы мурдагы "Эл достугу" университетинин түзүүчүсү Кадыржан Батыров 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал 2010-жылдагы июнь окуясына күнөлүү деп табылып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Андан соң бардык мүлкү 2011-жылы соттун чечими менен конфискацияланган. Анын негизинде Батыровго жана анын жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка алынып,кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG