Бул тууралуу “Азаттыкка” фильмдин продюсери Талант Төлөбеков билдирди. Кыргызстандык режиссерлор Дастан Жапар уулу менен Бакыт Мукул тарткан “Атанын керээзи” көркөм тасмасы буга чейин Монреалда өткөн эл аралык кинофестивалда дебюттук фильм багытында баш байгени алып, “Алтын зенит” сыйлыгын утуп алган.
“Атанын керээзи” тасмасында жакшы жашоо издеп, айылдан шаарга, Кыргызстандан чет өлкөгө кетип жаткандардын көйгөйү чагылдырылган.(ZKo)
Тасманын трейлери