Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

“Атанын керээзи” мигранттарды жашытты


Монреаль шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу режиссёрлук кылган "Атанын керээзи" тасмасы "Алтын Зенит" баш байгесин жеңип алды. Кыргызстандык тасма сынактын дебюттук программасына тандалып алынган.

Миграция темасын камтыган сценарий бала чагында атасы менен чет өлкөгө кеткен Азаттын мекенине кайтып келген жеринен башталат. Азат чет өлкөдө жүрүп каза болгон атасынын сөөгүн туулган жерге жашырууга келген эле.

Бирок айылга келгенде окуя татаалдашат. Көрсө, атасы жыйырма жылдай мурун, уулу кичинекей кезинде өз айылындагыларга карыз болуп, аны кайра бере албай чет өлкөгө иштейм деп кетип келбей жүргөн экен.

Тасманын трейлери

Мигранттарды жашыткан тасма
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

Монреалда өткөн сынакка барып катышып келген Кино департаментинин жетекчиси Муктаалы Бектеналиев канадалык көрүүчүлөр бул тасманы кандай кабыл алганын кеп салды:

- Мен үчүн бул теманы эл кандай кабыл алары кызык болду. Залда канадалыктар көп болду. Алардын арасында Кыргызстандан келген мекендештерибиз да бар экен. Бул тасма чынында алардын жүрөгүн тилип өткөндөй болду. Ошол эле учурларда абройлуу киносынчылар да бул темага кайдыгер боло алган жок. Көрсө, миграция маселеси бир гана Кыргызстандын эмес, жалпы дүйнө жүзүнүн көйгөйү болуп жаткан экен. Тасмада негизинен миграция менен кошо биздин каада-салттарыбыз, айылдагы турмушубуз чагылдырылган. Америкада өсүп-чоңойсо да атасынын керээзин аткарып жаткан каарман, жалпы эле тасмадагы баалуулуктар тууралуу көптөгөн суроолор берилди.

Тасма соңунда чет өлкөдө чоңойгон Азат алгач маркумдун карыздарынан кутулуп, ал ортодо туугандары, достору менен жолугуп, көптөгөн окуялардын күбөсү болуп, атасынын кароосуз калган үйүндө жашап турат.

Кыргыз кинематографисттер бирикмесинин жетекчиси Таалай Кулмендеевдин пикиринде, аталган тасмада чыгармачыл топ буга чейин турмушта болуп келген, бирок анчалык маани берилбеген окуяларды камтыганы менен өзгөчөлөнөт:

- Чындыгында бул фильм кыргыз киносуна бир аз да болсо жаңылык киргизгендей болду. Бул жерде чагылдырылган маселе өзгөчө табылгалар менен берилген. Мисалы, Азат атасынын сөөгүн күйгүзүп, күлүн алып келгенге чейин ал киши тууралуу айылда өтө жаман сөздөр айтылып, жамандалып жүргөн эле. Анан эле ал көргө коюлуп жатканда баласынын “Атам кандай киши эле?” дегенине элдин баары “жакшы киши эле” деп жооп берип жатат. Бул ошол элдин өлүмдүн алдында кечиримдүү экенин, демек улуулугун билдирет. Менимче, жалпы эле адамзат өлүмдүн алдында кечиримдүү.

Тасмага Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу экөөлөп сценарийин жазып, режиссёрлук кылган. Башкы ролдордо Иман Мукул, Марат Алышпаев, Тынара Абдразаева, Бакыт Мукул жана башкалар ойногон. Фильмдин актер-режиссеру, сценаристи Бакыт Мукул аталган тасма тууралуу буларды айтты:

- Тасмада каармандын атасы союз таркаган учурда ишкерлик кылам деп элден акча алып, иши жүрбөй банкрот болуп, аны иштеп тапканга чет өлкөгө кеткен эле. Аны таба албай акчанын артынан кууп отуруп Америкага жеткен. Ошол кезде аны ээрчип жүргөн баласы жыйырма бешке чыгат. Чет өлкөдө өлгөн атасын өрттөп туруп күлүн банкага салып, баласынын колуна берип коюшпадыбы. Бирок атанын баласы катары Азат аны өз жерине алып келип көмөм деп жанагындай тагдырга туш болду. Бирок кино "атаң акмак киши болчу, алдамчы болгон" деген сөздү актап бүтөт.

Бакыт Мукул учурда бул тасма көптөгөн эл аралык киносынактарга чакырылганын, ал эми Кыргызстанда 2-ноябрдан баштап көрсөтүлөрүн билдирди.

Эки саатка чукул созулган толук метраждуу тасма "Кыргызфильм" жана "Элфильм" студияларында тартылган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG