Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

"Ата Журт" Текебаевдин айткандарын иликтөөнү талап кылууда


Өмүрбек Текебаев маалымат жыйынында.
Өмүрбек Текебаев маалымат жыйынында.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин президенттин дарегине айтылган билдирүүлөрүн иликтөө боюнча көз карандысыз коомдук комиссия түзүү сунушталууда. Бул тууралуу "Ата Журт" партиясынын лидерлеринин бири Нурлан Шакиев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, Текебаев президентке олуттуу айыптарды такты. Мындан улам бул айтылгандарга укуктук баа берүү үчүн комиссия түзүлүшү керек:

-Өмүрбек Текебаев катардагы эмес, тажрыйбалуу, чоң саясатчы. Болгондо да ал азыр парламенттеги фракция жетекчиси, көпчүлүк коалиция мүчөсү. Ал өлкө башчынын дарегине олуттуу айыптоолор менен чыкты. Айрыкча Азиз Батукаев боюнча президентти айыптаганы эл арасында бүйүр кызытууда. Андыктан Текебаевдин айткандары терең иликтениши шарт. Коомдук комиссиянын курамына мурдагылар эмес, жаш саясатчылар тартылса, эл кимдики туура экенин билишмек.

Өмүрбек Текебаев кечээ маалымат жыйын куруп, криминалдык төбөл Азиз Батукаев түздөн-түз президент Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөсү менен түрмөдөн бошотулганын жарыялаган. Ага чейин Атамбаевди Кой-Таштагы “Дастан” заводуна караштуу жерди басып алып, үй курду деп айыптап чыккан.

Президент мындай билдирүүдөн кийин июнь коогасын уюштурган деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө качуусун жана буга Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн тиешеси бар-жогун аныктоону Башкы прокуратурага тапшырган болчу. Президент менен Өмүрбек Текебаев баштаган мурдагы санаалаштардын ортосунда пикир келишпестик бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү аракетинен кийин күчөгөнү байкалууда. (NT) ​

XS
SM
MD
LG