Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:36

Саясий күрөштөгү тирештер


2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү
2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү

Бийликтеги партиялардын референдум өткөрүү менен Конституцияны өзгөртүү демилгеси саясий күчтөрдүн кармашын курчутууда.

Саясий карама-каршылыктын күч алышына эмне себеп? От алган тирешүүлөрдү жөнгө салууга болобу? Бийлик атаандаштарын жазалоого кириштиби?

“Арай көз чарай” талкуусуна 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Надира Нарматова, “Эркин эл” саясий партиясынын төрагасы Мавлянбек Аскарбеков катышты.

“Азаттык”: Азимбек мырза, акыркы күндө саясий кырдаал күчөп, парламенттеги коалициянын тагдыры да оңой эмес абалда калды окшойт. Башкы прокуратура Убактылуу өкмөттүн мындан алты жыл мурдагы ишмердүүлүгүн териштире баштады. Ушул окуяларды кандай баалап, кандай кабыл алып жатасыз?

Азимбек Бекназаров: Мен бул окуяларды жасалма саясат деп кабыл алып жатам. Атамбаев Бириккен улуттар уюмунун жыйынына бараар алдында Убактылуу өкмөт Кадыржан Батыровду жана башкаларды кое берген деп айтканы өзүнчө саясат болуп калды. Эмне үчүн ушул бийлик алты жылдан бери Батыровду, Салахиддиновду таап алып келген жок? 31-августта жана Нью-Йоркко кетип жатканда Убактылуу өкмөткө шылтап айтканы жөн эле актануу.

“Азаттык”: Надира айым, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги жөнүндө сиз депутат кезиңизде көп эле маселе койгонсуз. Бирок ага бийлик башындагылар убагында жооп берген эмес эле. Эми конституциялык рефомаларга Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү каршы чыккандан кийин мамлекет башчысынын жоопкерчиликке чакыруу талабы эмне үчүн бүгүн көтөрүлүп жатат деп ойлойсуз?

Надира Нарматова: 2011-жылы “Ата-Журт” фракциясы парламентте июнь окуясынын айланасында чоң талкуу өткөргөнбүз. Анткени бул маселе биздин партиянын программасында бар болчу.

Баарыбыз ошол күндөрдөгү окуяларга аралашканбыз. Алты жылдан бери аларды ким кой дептир?
Азимбек Бекназаров

Биздин партиянын демилгеси менен атайын комиссия түзүлгөн. Анын жыйынтыгын Жогорку Кенеште карап, 37 пункттан турган чечим кабыл алынган. Ошондо К. Батыров, К. Абдуллаева, Салахуддиновду элдин ортосуна чок салганы үчүн жоопко тартылсын деп тапшырмалар берилген. Ошондой эле Убактылуу өкмөт мүчөлөрүбү же башкасыбы июнь окуясынын чыгышына себепкер болгонбу, териштирип, жоопкерчиликке тартылсын деп Башкы прокуратурага тапшырма берилген.

Жогоруда айткан адамдар кайда жүрүшкөнүн элдин баары эле билет, арадан беш жыл өттү. Жогорку Кеңештин ошол чечимин укук коргоо органдары аткарышкан жок. Эми ушул Конституцияны өзгөртүүгө келгенде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү элдин арасында такталган, такталбаган маалыматтарды таркатышып, элдин оюн кыжаалатка салып жатканы өтө өкүнүчтүү нерсе.

“Азаттык”: Мавлян мырза, бүгүн айрым интернет сайттарда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы жикчилдер деп аталып келген айрым адамдарды Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө каршы көрсөтмө бердиртүүгө иштеп жатышат деген маалыматтар кетти. Качып жүргөн жикчилдердин айтканы биздеги саясий маселелерди чечүүгө жардам бере алат деп ойлойсузбу?

Мавлян Аскарбеков: Жикчилдер маселесин эмне үчүн бүгүн көтөрүп жатышат? Анткени ал өтө оор берене. Бул берене боюнча өз оппоненттерин кыргыз элине “эл душманы” кылып көрсөтүү эң эле оңой. “Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жикчилдерге жардам берип жүргөн” деп, "эл душманы" кылууга толук шарт түзүлөт. Алты жылдан бери талап-тоноочулук болобу, ар кимди ар кандай ыкмаларга колдонуп келатышат. Түрмөдө отурган Абдуллаев дегенди дагы колдонуп жатышат.

“Азаттык”: Азимбек мырза, мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Башкы прокуратура Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу териштирүү ишин баштады. Мунун чын-бышыгына жетип, күнөөлүүлөр жазаланат деп ойлойсузбу?

Азимбек Бекназаров: Кадыржан Батыровго 2010-жылы майда төрт кылмыш иши козголгон, 20-майда камакка алуу боюнча соттун санкциясы чыккан. Ал убакта Батыров чыгып кеткен. Ошол жылы күздө тергөө бүтүп, иш сотко өткөн. Андан бери алты жыл өттү.

Конституцияны өзгөртүүгө келгенде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү элдин оюн кыжаалатка салып жатканы өтө өкүнүчтүү нерсе.
Надира Нарматова

Болуптур, Батыровду табалбаса, эмне үчүн сырттан соттошкон жок? Бизде ал окуялар боюнча эл аралык, парламенттик жана улуттук болуп үч комиссиянын чечими бар. Убактылуу өкмөт кеткенден кийин азыркы бийлик жикчилдерге байланыштуу бир дагы кылмыш ишти алдыга жылдырган жок. Мен аларды кылмыш жообуна тартуу боюнча канча жолу кат жаздым. Аталган адамдардын бирөөн да алып келүүгө аракет болгон жок. Ал эми бул маселени козгоп, аны саясий курал катары алып чыгуу, колдонуу жакшылыкка алып келбейт.

Жоопкерчиликти тартууда Убактылуу өкмөттүн бир дагы мүчөсү коркпойт. Жогорудагы комиссиялардын чечимдеринде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жана башка тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралсын деп айтылган. Алты жыл өттү, жоопкерчиликке тартпайбы?

Ошол комиссиянын материалдарында күнөөлүү деп табылган Сүйүн Өмүрзаков ИИМдин биринчи орун басары, Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп отурат, Атамбаев болсо президент болуп иштеп жатат. Баарыбыз ошол күндөрдөгү окуяларга аралашканбыз. Алты жылдан бери аларды ким кой дептир? Мен жоопкерчиликтен эч убакта качпайм, жооп берүүгө даярмын.

XS
SM
MD
LG