Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Бишкекте табылган жардыргыч заттын чоо-жайы иликтенүүдө


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бишкектен табылган жардыргыч зат боюнча экспертиза дайындалып, ыкчам-иликтөө иштери уланууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети билдирди.

Маалыматка караганда, 20-сентябрь күнү саат 21.30дар чамасында Бишкектеги Махатма Ганди–Биринчи Май көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан муниципалдык дүкөндүн жанына жардыргыч зат салынган эки кара баштык калтырылган. Укук коргоо органдары барып, саперлор аны зыянсыз кылган. Анын колго жасалган жардыргыч экени аныкталган. УКМК жарандарды шектүү заттарды байкап калган учурда милицияга же атайын кызматка токтоосуз кабарлап коюуга чакырат. (NT)

XS
SM
MD
LG