Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Жыл башынан бери жол кырсыктары 500дөн ашуун адам өмүрүн алды


Быйыл жол кырсыктарынан набыт болгон адамдардын саны 567ге жетти. Саламаттыкты сактоо министрлигинен "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, ар кандай жаракат алгандар 5600дөн ашты. Акыркы сегиз ай ичинде Кыргызстан боюнча 3 миң 667 жол кырсыгы катталган. Автоунаа кырсыктарынын курмандыктарынын токсон бири наристелер. Ошондой эле миңден ашуун бала жаракат алды.

Адистердин ырасташынча, кырсыктарга көбүнесе машинени катуу ылдамдык менен айдоо, каршы тилкеге чыга калуу жана жол эрежелерин сактабагандык түрткү болуп жатат. 27-августта Бишкек-Ош жолунда болгон оор кырсыктан тогуз адамдын өмүрү кыйылса, 13-сентябрда ушул эле каттамда беш адам набыт болду. (BCh)

XS
SM
MD
LG