Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:26

Бишкекте оодарылып кеткен кичиавтобустун бир жүргүнчүсүнүн абалы оор


36 жаштагы бишкектик тургундун башы жарылып, колу сынган. Бул тууралуу "Тез жардам" кызматынын нөөмөтчү дарыгери Майрамкүл Утрукеева “Азаттыкка” билдирди:

-Ички органдары да жабыркаган. 36 жаштагы аял киши экен, биз аны 4-травмотологиялык ооруканага жеткирдик. Ал жердеги дарыгерлер тиешелүү медициналык чараларды көрүп жатышат. Калгандары жеңилирээк жаракат алышкан. Көпчүлүгүнүн баш мээси чайкалган, денелери сыйрылган. Бардыгына медициналык жардам көрсөтүлүп, 4-ооруканага жаткырылды. Бизге жалпысы болуп, 7 киши түшкөн.

21-октябрда Бишкектин Шабдан баатыр көчөсүндө түндүктү көздөй эл ташып бараткан кичиавтобус жолдон чыгып, бир капталына оодарылып кеткен. Күбөлөрдүн айтуусунда, оодарылган унаа капталы менен 50-60 метрдей сүрүлүп барып токтогон. Кырсык болгон учурда унаада канча жүргүнчү бар экени тууралуу маалыматтар жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG