Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Клинтон менен Трамп немис канцлерин мактады

Ангела Меркель
Ангела Меркель

АКШнын Демократтар партиясынан президенттикке талапкер Хиллари Клинтон кумир туткан саясатчысы тууралуу суроо берилгенде Германиянын канцлерин атады.

- Мен дүйнөдөгү бир канча лидерлерди жактырам. Эң сыйлаган саясатчылардын бири Ангела Меркель. Менимче, ал Европадагы кыйын кырдаал учурунда күчтүү лидер боло алды, - деди Клинтон Чикагодогу өнөктүк учурунда.

Республикачылардын талапкери Дональд Трамп Меркелди жумшак иммиграциялык саясаты үчүн сындап келген. Бирок кечээ телемаегинде андан кумир туткан саясатчысы тууралуу суроого:

- Меркель чындап улуу дүйнөлүк лидер деп ойлойм,- деп жооп берди.

АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрда өтөт. (KKs)

Куржундар
XS
SM
MD
LG