Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Жанета Хамзаева УКМКдан паспортун ала элек


Жанета Хамзаева.
Жанета Хамзаева.

Тажикстандык укук коргоочунун жубайы Жанета Хамзаева дагы деле УКМК тарабынан паспортун ала элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Динара Медетова билдирди. Жактоочу кошумчалагандай, Хамзаева УКМК тарабынан 3-октябрга суракка чакырылганы менен тергөөчү азыркыга чейин ар кандай иштерине шылтап, суракты өткөрө элек.

- Хамзаева чет өлкөгө чыга турган паспорту менен айдоочу күбөлүгүн алды. Ал эми Кыргызстандын паспорту азыркыга чейин колуна тие элек. Тергөөгө эми чакырышат окшойт, азырынча бизге дагы эч кандай маалымат УКМК бере элек.

2-октябрда “Манас” аба майданына издөөдө жүргөн Собир Валиевдин жубайы Жанета Хамзаева учактан конгон учурда УКМК кызматкерлери аны кармап кеткен. Бул окуяга Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму тынчсыздануусун билдирген. УКМК Хамзаеваны ошол эле күнү кайра бошотконун айткан, бирок анын жактоочусу Динара Медетова күч органдары Хамзаеванын паспортун алып койгонун маалымдаган.

УКМК ошондой эле 3-октябрда 2015-жылы Собир Валиевге карата козголгон кылмыш ишин кайра жандантканын кабарлап, ага "мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" жана "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG