Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

АКШ элчилигинин ыктымал теракт жөнүндөгү билдирүүсү иликтенүүдө


Кыргызстан жана АКШ байрактары
Кыргызстан жана АКШ байрактары

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан ыктымалдуу теракт тууралуу кабар боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Атайын кызмат элчиликтен маалымат келбегенин, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан билдирүү боюнча эле иликтөө жүрүп жатканын айтууда.

Андан тышкары, Тышкы иштер министрлиги да бул маалыматты териштирүүгө киришкени кабарланды.

8-октябрда АКШнын Бишкектеги элчилиги Кыргызстанда “жергиликтүү бийлик менен чет элдик дипломаттарга каршы террордук чабуул, адамдарды барымтага алуу сыяктуу окуялар октябрь айында болуп кетиши мүмкүн” деген маалымат таратып, америкалык жарандарды этият болууга үндөгөн. Мындай билдирүү элчиликтин сайтына чыккан. (SE)

XS
SM
MD
LG