Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Кытай элчилиги кыргызстандыктарга виза берүүнү убактылуу жандантты


Кытайдын Бишкектеги элчилигинин Консулдук кызмат департаменти виза берүүнү 10-октябрдан тарта төрт күнгө жандантты. Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, Кытайда билим алган кыргызстандык студенттердин окуусун үзгүлтүккө учуратпоо максатында 10-13-октябрь күндөрү виза берилет. Документтерди кабыл алуу саат 9:30дан 17:00гө чейин жүрөт.

Министрлик белгиленген убакытта документтерди тууралап алуу зарылдыгын эскертүүдө.

30-августта Кытай элчилигинин имаратына жанкечти унаасы менен кирип барып өзүн жардырып жиберген. Үч кызматкер жабыркап, имаратка зыян тийген. Бул окуядан кийин элчилик виза берүүнү токтоткон.

Кытайда билим алган үч жүзгө жакын студент окуулары үзгүлтүккө учурап жатканын айтып, бул маселени тез арада чечип берүүнү талап кылап келишкен.

Виза анкетасы бул шилтемеде. (SE)

XS
SM
MD
LG