Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Орусия Борбор Азиянын жашылча-жемишин кайтарды


Орусиялык басма сөз каражаттары бул аптада Казакстан араб шейхтерине сейрек кездешчү куштарга аңчылык кылганга уруксат бергени, Ташкентте мурунку президенттин кызы Лола Каримованын жеке ишканалары жабыла баштаганы, ал эми Орусия Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын 80 тоннага жакын жашылча-жемишин киргизбей койгону тууралуу жазып чыгышты.

"Регнум" маалымат агенттиги Орусия Кыргызстандын 25 тонна айыл чарба продуктусун киргизбей койгонун жазып чыкты. Орусия Өзбекстан менен Казакстандын да 49 тонна жашылча-жемишин жана буудай данын жаратпай койгон.

Орусиянын фитосанитардык көзөмөл кызматы айыл чарба продуктулары талап кылынган фитосанитардык документтери жок жараксыз сертификаттар менен өлкөгө киргизилген деген айып койгон.

Басылма ушул жылдын август айында Кыргызстандын 300 тонна жашылча-жемишин Казакстан киргизбей койгонун кошумчалайт. Анда Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги Казакстан Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында сүйлөшүлгөн келишимдерди бузуп жатат деп айтып чыкканы макалада белгиленет.

"Коммерсант" басылмасы бир жыл мурун Санкт-Петербургда каза болгон беш айлык Умарали Назаровдун өлүмү боюнча тергөө иштери токтогонун баяндайт.

Тергөө комитети ымыркайдын өлүмүндө полиция жана миграция кызматкерлеринин күнөөсү жок деп аныктаган. Полиция кызматкерлери былтыр октябрда тажикстандык мигрант келин Зарина Юнусованы Санкт-Петербургда жашаган батиринен кармап, анын миграциялык документтери туура болбогондуктан, колундагы уулу Умаралини алып коюшкан. Ымыркай ошол түнү балдардын социалдык борборунда белгисиз жагдайларда каза болгон.

Тергөө комитети бала вирус оорусунан каза болгон деген жүйөлөрдү келтиргенине карабастан, жабыркоочу тараптын адвокаты Ольга Цейтлина Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылууга бел байлагандыгы макалада баяндалат. Каза болгон ымыркайдын энеси былтыр ноябрда эле Орусиядан депортацияланган болчу.

"Деловые новости" басылмасы Казакстан араб шейхтерине Кызыл китепке киргизилген дрофа деп аталган куштарга аңчылык кылууга уруксат бергенин жазат.

Казакстандын айыл чарба министри Бакытбек Дуйсекеев мамлекеттик буйрукта көрсөтүлгөн төрт араб шейхи акыркы жылдары сейрек кездешчү куштарды өлкөдө өстүрүүгө акчалай колдоо көрсөтүп жүрүшкөнүн айтып чыккан.

Арабдар Казакстанда куштарды баккан борбор курганы, анда жылына 5 миң куш өстүрүүлөрү макалада баяндалган. Ошол эле маалда казакстандыктарга дрофа куштарына аңчылык кылууга тыюу салынганы баса белгиленген. Ар бир өлтүрүлгөн куш үчүн арабдар мамлекеттик казынага 551 миң теңге төлөп турмай болду.

Centrasia басылмасы Ташкентте каза болгон Ислам Каримовдун кызы Лола Каримовага тиешелүү кийим сатуучу соода үйү жабылганын жазып чыкты. 2006-жылдан бери иштеген Snob'platinum деп аталган бутикте кымбат баалуу дүйнөлүк бренддеги кийимдер сатылчу. Мурунтан Ташкентте Италиянын ашканасын сунуштаган Лола Каримовага тиешелүү Amora mio рестораны да жабылганын Өзбекстандын басма сөз каражаттары жазып чыгышкан.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG