Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:06

Пакистан: Шарбат Гула күрөөгө кое берилбейт


Пакистан бийликтери оогандык качкын Шарбат Гуланы күрөөгө кое берүүдөн баш тартышты. Гула National Geographic журналына чыккан сүрөтү менен дүйнөгө таанылган. Al-Jazeera телеканалы Пакистандын ички иштер министринин анын иши "гумандуу көз караштан улам" кайра каралууга тийиш деген сөздөрүн келтирет.

Шарбат Гула 26-октябрда полиция рейди учурунда жасалма документ пайдаланган деген шек менен кармалган. 1985-жылдын жайында National Geographic журналы оогандык качкындардын Пешавардагы лагеринен репортаж жасаган. Басылманын сыртына Шарбат Гуланын сүрөтү чыккан. Анын ата-энеси советтик авиация пуштундардын айылына абадан сокку урганда каза болушкан.

 

XS
SM
MD
LG