Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

АКШ биржаларынын көрсөткүчү дагы төмөндөдү


АКШда доллардын жана биржалардын көрсөткүчтөрү дагы төмөндөдү. Президенттик талапкерлердин ортосундагы айырманын азайышы инвесторлордун кооптонуусуна себеп болууда.

Натыйжада “Уолл Стриттеги” All World индекси 0,74 пайызга төмөндөп, соңку төрт айдагы эң төмөнкү чегине жетти. АКШ доллары болсо евро баштаган чет өлкөлүк валюталарга карата соңку үч аптадагы төмөнкү курсун көргөздү.

АКШдагы сурамжылар көрсөткөндөй, демократтардын талапкери Хиллари Клинтон менен республикачыл Дональд Трамптын рейтингдери дээрлик теңелип калды. Натыйжада инвесторлор Клинтондун жеңишине ылайыкташкан инвестицияларын кайра карап чыгууга аргасыз болууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG